Аялдар маршынын катышуучусу коркутуулардан улам «Кырк Чоронун» лидеринин үстүнөн арызданды

Надира Масюмова. Сүрөтү фейсбуктагы жеке барагынан алынды

Аялдардын укугу үчүн жөө жүрүшкө чыккандардын бири Надира Масюмова 11-мартта «Кыргыз Чоролору» кыймылынын лидери Замирбек Көчөрбаевге жана анын юристи Зарыл Жумагазиевге карата милицияга арыз жазды. Анын айтымында, юрист 11-мартта болгон «Бешинчи каналдын» марш тууралуу эфиринен кийин лифтте «кызды жок кылам» деп коркуткан.

Арыз Бишкектин Октябрь районунун милиция бөлүмүндө катталды. Масюмова бийликтен жөө жүрүштүн бардык катышуучуларынын коопсуздугун камсыздап берүүсүн талап кылууда.

«Жөө жүрүштөн кийин социалдык тармактар хейт-спичтерге толуп кетти. Милиция биздин коопсуздугубузду жылына 365 күн камсыздап берүүсүн талап кылабыз, биз жүрүштүн бардык катышуучуларына ушундай коопсуздукту талап кылабыз. “Кыргыз чоронун” [“Кыргыз Чоролорунун”] башчысы “Бешинчи каналдын” түз эфиринен жүрүштүн катышуучусун коркуткан. Биз өкмөттүн ага карата чара көрүшүн талап кылабыз», — деп айтты Масюмова.

Жөө жүрүштүн уюштуруучусу Фарида Лансарова билдиргендей, жүрүштө ар кандай плакаттар болгон, бирок көпчүлүгүнүн көңүлүн кубулмалуу байрак менен ЛГБТнын символикасы бурган. Анын айтымында, жөө жүрүшкө ЛГБТнын катышканынын себеби, алар да дискриминацияга кабылышат.

«Кыргыз Чоролору» («Кырк Чоро» аты менен таанымал) кыймылынын башчысы Замирбек Көчөрбаев активист кыздар кыймылдын мүчөлөрү алардын даректерин билем деп айткандарын коркутуу катары кабыл алган деп «Клооптун» журналистине курган маегинде билдирди.

«Алар арыз жазышты. Жыйынтыгы кандай болоорун көрөбүз. Биз “Бешинчи каналда” алардын даректерин билип алабыз жана тиешелүү чаралар көрүлөт деп айтканбыз. Биз аларга көрсөтөбүз деп айтканбыз. Алардын даректерин билип алгандан кийин аларга карата кылмыш иши ачылышы үчүн аларды сотко беребиз», — деди Көчөрбаев.

Анын айтымында, «Кырк Чоро» активист кыздар жөө жүрүштү уюштурушканы үчүн аларга карата арыз жазууну каалап жатат. Ал эми даректери болсо аларды сотко бериш үчүн керек. «Даректи көрсөтмөйүн сот арызды кабыл албайт», — деди ал.

Кыймылдын юристи Зарыл Жумагазиев «Клооптун» журналистине курган маегинде, ал активист кыздарды коркуткандыгын төгүндөдү.

«Эч кандай коркутуу болгон эмес. Мен анын феминист экенин дагы билген эмесмин. [...] Эгер анын феминист кыз экенин билсем, аны менен чогуу лифтке кирмек эмесмин. Аны менен болуу мен үчүн күнөө. Эгер [анын феминист экенин] билсем жөө түшмөкмүн», — деди ал.

Аялдардын укугу үчүн жыл сайын өтүүчү жөө жүрүш 8-мартта болуп өткөн. Бул жүрүш мурдагы жылдарга салыштырмалуу рекорддук сандагы адамдарды — 400гө чукул катышуучуну чогулткан.

Жөө жүрүшкө бир нече күн калганда башка жарандарга болгон коркунучтун айынан Бишкектин бийлиги акцияга тыюу салууга аракет кылган. Социалдык тармакта акция кызуу талкууланды, ага жүрүштүн катышуучуларынын арасында ЛГБТ өкүлдөрүнүн бар экендиги да түрткү болду.

«Кырк Чоронун» өкүлдөрү 11-мартта Бишкектин мэри Азиз Суракматовдун отставкасын талап кылышкан. Алар ошондой эле укук коргоо органдары жөө жүрүштүн уюштуруучуларына жана Бишкек мэриясынын аткаминерлерине карата чара көрүлүшү үчүн прокуратурага арыз даярдашкан. Мэрдин өзү жөө жүрүш мыйзамдуу өткөнүн билдирип, бирок кээ бир ураандарды «чагымчыл» деп атады.

Авторлору: Айдай Эркебаева, Асымбат Токоева жана Эмил Султаналиев