Күндүн сүрөтү: Аксай айылындагы үйдүн терезесинде октон калган тешиктер

Аксай айылындагы үйдүн терезесинде октон калган тешиктер. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

Бул кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Баткен облусунун Аксай айылындагы үйлөрдүн бири — ал чек арадан 10 метр алыстыкта жайгашкан. Дал ушул жерде 14-март күнү кыргыз милиционерин жарадар кылышкан. Үйдүн ээси «Клоопко» үйүнүн терезесинин жанынан 10го жакын октон калган гильза чогултканын маалымдады.

Кыргыз жана тажик жарандарынын ортосундагы чыр Кыргызстандын Аксай — Тамдык айланып өтүүчү жолунун курулушунун айынан чыккан. Эки өлкөнүн бийлиги чатакты эки күн аралыгында жайгара албагандыктан Аксай айылынын жашоочуларынын бир бөлүгү үйлөрүн таштап, Баткен облусунун башка райондоруна кетишкен.

Тажикстандын бийлиги эки адам каза тапканын билдирет, ал эми кыргыз бийлиги үч киши жарадар болгонун маалымдайт. Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абалды «салыштырмалуу туруктуу» деп айтууда. Мекеменин маалыматы боюнча 15-мартта чек арага чектеш аймактарда «адамдардын топтолушу» катталган эмес.

Авторлошу: Гүлжан Эшбаева