Назарбаев отставкага кетти

Казакстандын алмашкыс президенти Нурсултан Назарбаев ыйгарым укуктарын тапшырып жаткандыгы жөнүндө жарыялады. Назарбаев Казакстанды республика эгемендикке ээ болгон биринчи күндөн тарта алмашпай башкарып келген.

Материал 20:01де жаңыртылды.

Назарбаев өзүнүн отставкасы жөнүндө жарлыкка 19-мартта Казакстандын элине кайрылып жатып кол койгон.

«Мен өзүмдүн президент катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим [...] Бул жылы мен эң жогорку кызматты аркалап жатканыма 30 жыл толот. Эл мага эгемендүү Казакстандын биринчи президенти болууга мүмкүнчүлүк берди», — деп билдирди ал.

Анын айтымында, ал Казакстандын башчылыгына «өлкө татыктуу өтө алган» «оор мезгилде» келген.

«Жакырчылыкта турган жарандарды көрүп жана экономика алсыз болуп турганда демократиялык институттарды куруу мүмкүн эместигин түшүнүү менен биз саясаттатын башатына экономикалык өнүгүүнү койдук. Ошондуктан “Алгач экономика, андан кийин саясат” деген тезис жаралган», — деди Назарбаев.

Өлкөнүн президентинин милдеттерин убактылуу Сенаттын спикери Касым-Жомарт Токаев аткарат деп кошумчалады Назарбаев.

Назарбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин Казакстандын Коопсуздук кеңешин жетектейт. Бул кызматты ал өмүр бою аркалай алат, бул тууралуу мыйзамды парламент 2018-жылы майда эле кабыл алып койгон.

Коопсуздук кеңеши күч түзүмдөрүнүн, борбордук жана жергиликтүү аткаруу органдарынын ишин координациялайт жана мыйзам долбоорлорун көзөмөлдөйт. Казакстандын маморгандары Коопсуздук кеңешинин чечимдерин милдеттүү түрдө аткарууга тийиш.

Ошондой эле Назарбаев парламентте эң көп орун ээлеген «Нур Отан» бийликчил партиясынын башында калат.

«Өмүрүмдүн акырына чейин казак элине кызмат кылам. Мен өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү уланткан жаңы муунду алып келүүнү максат көрөм», — деп билдирди ал.

Назарбаев быйыл 79 жашка чыгат, ал Казакстандын өлкө башчылык кызматын 1990-жылдын апрелинен тарта аркалап келген. 2015-жылы аны мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо бешинчи президенттик мөөнөткө кайра шайлашкан. Ал учурда Назарбаевдин пайдасы үчүн шайлоочулардын 97,75% добуштарын беришкен.