Депутат мамкызматкерлердин туугандары менен иштөөсүнө тыюу салбаган мыйзам сунуштады. Кийинчерээк ал муну «катачылык» деп атады

Марлен Маматалиев. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Саясий кызмат жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Депутаттын айтымында, бул мыйзам саясий мамлекеттик кызматкерлерге (өлкө үчүн маанилүү чечимдерди чыгаргандарга, мисалы, министрлерге) талаптарды такташтырат.

Маматалиевдин мыйзам долбоорунун текстинин көбү азыркы «Мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө» мыйзамдын текстине окшош. Бирок, анда аткаминерлер үчүн бар болгон маанилүү эреже жок — бул өз туугандары менен иштөөгө тыюу салуу жөнүндө пункт.

Маматалиев өзү «Клоопко» түшүндүрүп бергендей, бул чектөөнү мыйзам долбоорун түзүүдө кошууну унутуп калышканын түшүндүрдү. Анын айтымында, ал саясий кызматкерлер үчүн тажрыйба талабын гана кошкусу келген жана бул үчүн өзүнчө документ иштеп чыккан.

«Биз [тыюу боюнча] жазып бүтүрөбүз. Бул боюнча эч кандай маселе көргөн жокмун. Мен жөн гана иш тажрыйбаны киргизгим келген. Балдар кээ бир жерде толук жазбай калышты. Эми бул үчүн трагедия кылуу керекпи? [...] Кичинекей ката кетти», — деди ал.

Депутат министрлик кызматтарга талапкерлер мамкызматтарда беш жыл иштеген тажрыйбасы болушу керек деп эсептейт. Маматалиевдин айтымында, буга ал өз тажрыйбасында ынанган.

«Саясий кызматттарга биздин эч кандай талаптарыбыз жок. Тажрыйбасы [адамдын] барбы же жокпу, бул тармакта билими барбы, [бул чөйрөдө] иштегенби. Мамкызматта бир да күн иштебеген тажрыйбасы жок, алтургай тармакта түшүнүгү жок четтеги эле адам келип, министр же ведомствонун жетекчиси болуп калат», — деп билдирди ал.

Парламенттин депутаты болгонго чейин Маматалиев үч жыл социалдык фонддо, андан кийин экономика министрлигинде эмгектенген. Мындан тышкары, ал эки жолу президенттин аппаратында иштеген. Биринчи жолу Маматалиев ал жакта 2009-жылдан 2010-жылга чейин иштеп, андан соң 2012-жылдын январынан тарта сентябрына чейинки мөөнөткө кайтып келген.

Авторлошу: Асел Осмонгазиева