Милиция сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыпталган КОСУнун мугалимин суракка алат

Кыргыз-орус Славян университетини. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Брусиловскийдин үстүнөн арыз Кыргыз-орус Славян университетинин студентинен 28-февралда түшкөн.

«163-берене [Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо] боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды», — деп кошумчалашты басма сөз кызматтан.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» журналистинин Денис Брусиловскийдин өзү менен да, КОСУнун администрациясы менен да байланышка чыгуу аракетинен майнап чыккан жок.

Сексуалдык ыдык боюнча айыптоо

Брусиловскийдин дарегине шек саноолор инстаграмдагы @anti.krsu жашыруун аккаунтунда жана телеграмда WhatsAppтагы жазышуулардын 10дон ашык скриншоту жарыялангандан кийин пайда болгон.

Брусиловский кат жазышууларда студент кыздарга «орой секске» жана «денени өпкүлөөгө» кандай карайсыңар деген өңүттө суроо салып, алардан «эриндин жана клитордун» сүрөттөрүн жөнөтүүнү суранганы айтылган.

Андан тышкары, Vesti.kg басылмасы КОСУнун бүтүрүүчүсүнөн алган жашыруун интервьюну жарыялаган. Ал Брусиловский ага «үч адам катышкан секс» сунуштаганын айтып берген.

КОСУнун администрациясы Брусиловскийди «моралдык-этикалык нормаларды бузганы үчүн» гуманитардык факультетте сабак берүүдөн четтеткен жана ага сөгүш жарыялаган. Бирок ал башка факультеттерде сабак өтүүнү уланта алат.

«Бул фейк»

Брусиловский өзү ал студенттерге ыдык көрсөткөн делген жазышуулардын скриншотторун «фейк» деп атаган. Ал өмүрүндө бир да жолу студент кыздарга ыдык көрсөтпөгөн жана алар менен сексуалдык мамиледе болгон эместигин кошумчалаган.

«Бул скриншоттор толугу менен фейк, мен антип жазган эмесмин. Шалаакылык кылганым үчүн гана күнөөлүмүн — менин телефонумда эч кандай сыр сөздөр турчу эмес, аны менен бардык студенттер эркин колдоно алышмак, чалуулар менен да, Whatsapp [аркылуу жазышуу] менен да. Азыр болсо сыр сөз коюп койдум, бирок телефон номерди принцип үчүн алмаштырбайм», — деп билдирген Брусиловский.