Өкмөт: Разаков Тажикстандын атайын кызматтарына иштебейт — бул «жалган жана чагым»

Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Кыргызстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматы 25-мартта вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматтары менен байланышы бар деген маалыматты «жалган жана чагым мүнөзгө ээ» деген билдирүү таратты.

«Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат жалган болуп саналат жана тек гана чагымчыл мүнөзгө ээ [...] Белгилей кетсек, бул сыяктуу маалыматтар Жеңиш Разаковдун инсандык аброюна жана вице-премьер-министр кызматтык ишмердигине шек келтирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомчулукта буга чейин бир канча ирет жайылтылган», — деп айтылат өкмөттүн пресс-релизинде.

Парламенттин депутаттары Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан аймактардагы чырдан кийин 20-мартта Разаковду текшерүүнү талап кылышты. Алар Разаков баштаган кыргыз делегациясы жаңжалды чечкенине нааразы болушкан. Эки өлкөнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын бийлиги чек ара аймагындагы талаштуу жеринде дагы бир жол куруп берүүнү убадалаган.

Разаков өзү Тажикстандын атайын кызматтарына үгүттөлгөнүн четке какканы менен УКМК кыргыз вице-премьер-министрин текшерүүнү убада кылган.

Разаковдун тажик атайын кызматтары менен байланышы бар экендиги тууралуу маалымат Тажикстандын ЖМКларында 2016-жылы эле пайда болгон жана маал-маалы менен аткаминер жаңы кызматтарга дайындалып жатканда айтылып турган.