Жээнбеков Путинге аргымак менен тайган белекке берди — видео

Президент Сооронбай Жээнбеков өзүнүн орусиялык кесиптеши Владимир Путинге орлов тукумундагы аргымак жана Шерхан аттуу тайган күчүгүн белекке берди.

Орусиялык ЖМКлар жазышкандай, тайган Путиндин төртүнчү ити болот. Орусиянын президенти иттерге болгон сүйүүсү менен белгилүү.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев да Путиндин 2017-жылдагы сапарында ага ат тартуулаган.

Путин 28-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Тараптар Кыргызстандын аймагындагы ЖККУнун базасын кеңейтүү тууралуу макулдашты, ал эми Орусия бюджетти колдоо үчүн кайтарымсыз 30 млн доллар каражат бөлүп берүүнү убада кылды. Ошондой эле жалпы суммасы 6 млрд долларды түзгөн келишимдер менен макулдашууларга кол коюлду.

Бул боюнча кененирээк: Путиндин Кыргызстанга жасаган сапарынын расмий бөлүгү кандай өттү?