Cот Путиндин келишине каршы митингге чыккан активисттерди эч жакка кетпөө тууралуу тил каты менен бошотту

Активист Нурлан Карымшаков (борбордо) өзүнүн жубайы Гүлзана Имаева (оңдо) жана юрист Замир Жоошев (солдо) менен

Бул тууралуу алардын адвокаты Замир Жоошев өзүнүн фейсбук барагында билдирди. Анын айтымында, сот отуруму 28-март күнү кечинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөн.

Задержанный Нурлан Карымшаков и его супруга на свободе.Судья применил подписку о невыезде в отношении обоих граждан....

Posted by Замир Жоошев on Thursday, March 28, 2019

Активист Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаеваны 27-март күнү Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон сапарына чейин бир күн мурда кармашкан.

Андан тышкары, милиция алардын үйүн тинтүүгө алган — бул туурасында алардын улуу баласы кабарлаган. Ал тинтүүнүн кесепеттерин видеого тартып алган. Баланын айтымында, анын ата-энесин «украиналык улутчулдар» менен байланышы бар деп айыпташкан.

Кийинчерээк Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы Карымшаковдун үйүндө 17 миң доллар, андан тышкары ок жана курал табылганын билдирген.

«Уруксат документтери жок чачыратылган түрдөгү 16-калибрдеги кош ооздуу курал [...] 10 ок, 1 банка порох, 300 грамм бытыратма [алынды]», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.