Абылгазиев кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин Баткен облусунун башчысын кызматтан алды

Баткен облусунун башчылыгынан бошотулган Абиш Халмурзаев. Сүрөт: «Спутник»

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абиш Халмурзаевди кызматынан бошотту. Бул ал жетектеп турган учурда орун алган  кыргыз-тажик чек ара чырынан кийин болду.

Маалымат саат 15:05те жаңыланды

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, Халмурзаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу милдетинен бошотулган. Учурда Халмурзаевдин кайсы кызматка которулгандыгы боюнча маалымат жок. 

Анын ордуна буга чейин Кадр кызматын жетектеген Акрам Мадумаров дайындалды.

«Акрам Мадумаров облустун эң ири Кадамжай районунун акими болуп иштеген. Ошондой эле борбордук бийлик органдарында жетекчилик кызматтарда эмгектенген. Ал аймактын көйгөйлөрүн, орун алган маселелердин маңызын жакшы билет, анын дайындалышы Баткен облусун мындан ары карай өнүктүрүүдө кызмат өтөйт деп ишенем», — деп түшүндүрдү өз чечимин премьер-министр.

Абиш Халмурзаев Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2006-жылдан бери иштеп келген. Маалымат каражаттары Халмурзаевдин кызматтан кетишине 13, 14-марттагы кыргыз-тажик чек арасындагы элдин нааразычылыгы себеп болгон деп жазып чыгышкан. Ал жетектеп турган учурдагы кыргыз-тажик чек ара чырынан, эки тажикстандык каза болуп, үч кыргызстандык жарат алган.

Ушул жылдын башында «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков ошол учурдагы өкүл Абиш Халмурзаев менен байланыштуу иликтөөсүн жарыялаган.

Анда Халмурзаевдин үй-бүлөсү 2012-жылы мамлекеттик резервдеги эки миң тонна данды сарптап, ал үчүн эч кандай жоопкерчиликке тартылбагандыгы айтылган

ТЕМА БОЮНЧА: Баткен облусунун башчысынын үй-бүлөсү мамлекеттен эки миң тонна дан алып, аны кайтарган эмес — «Азаттык»

Авторлошу: Айсымбат Токоева