Билим берүүнүн аткаминерлери окуу китептерин иштеп чыгууда 13 млн сомду «ыксыз» коротушкан — Башкы прокуратура

Иллюстративдик сүрөт / Kloop.kg үчүн тарткан Даниль Усманов

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы билим берүү министрлигинин кызматкерлерин англис тили боюнча окуу китептерди иштеп чыгууда жана бастырууда 13 млн сомду «ыксыз» пайдаланууга шектөөдө.

Башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы 4-апрелде маалымдагандай, англис тили боюнча окуу китептерди иштеп чыгуу жана бастыруу тендерин өткөрүүдө билим берүүнүн кызматкерлери тарабынан бир катар мыйзам бузууларды аныктаган.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2017-жылы министрликтин аткаминерлери окуу китептерди түзүү үчүн бааларга мониторинг жүргүзүшкөн эмес жана тендерде китептерди нускалоо кызматтарынын «баасын негизсиз ашыра көтөрүп жиберген».

Ошондой эле, тендерге окуу китептердин авторлоруна гонорар төлөп берүүнү мыйзамсыз кошушкан, бирок факт боюнча гонорарлар төлөнгөн эмес.

Тендер өтүп, билим берүү министрлиги уткан компания менен келишим түзгөндөн кийин жалданма компания окуу китептерди кечиктирүү менен жеткизип турган. Андыктан билим берүүнүн кызматкерлери компанияга штраф салышкан эмес, бирок алар 427 миң сомду төлөтүүгө тийиш эле.

«[Билим берүүнү аткаминерлери] өз милдеттерин талаптагыдай аткарбагандары бюджеттик 13 174 200 сом каражатын ыксыз пайдалануусуна алып келген», — деп айтылат басма сөз кызматтын катында.

Башкы прокуратура бул ишти Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинди өндүрүш иштерин баштады.

ТЕМА БОЮНЧА: