Ош: Айыл өкмөт башчы сотко берген эки тургун Ак үйгө жөө кетишти

Кара-Суунун Кызыл-Кыштак айылынын эки тургуну 8-апрель күнү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу үчүн Бишкекке жөө жөнөштү. Буга айыл өкмөт башчынын алардан сот аркылуу 1,5 млн сом моралдык компенсация талап кылганы себеп болгон.

Ак үйгө жөө жөнөп кеткен тургундардын бири Гүлнара Мирзакаримова тынымсыз сотко чакыруулар аларды президент менен жолугушууга аргасыз кылганын «Клоопко» билдирди.

«[Айыл башчы] биздин үстүбүздөн сотко арыз жазып, 1,5 млн сом төлөсүн деп жатат. Мындан улам күн сайын сотко чакырып жатышат. Күнөөбүз жок болсо эмнеге төлөйбүз», — дейт ал.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов айыл өкмөт башчынын арызы Кара-Суу райондук соту тарабынан кабыл алынганын тастыктап, бирок соттук отурум жоопкерлер отурумга келбей жатышканына байланыштуу өтө электигин айтты.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаров айыл тургундары Орозакан Токторалиева менен Гүлнара Мирзакаримованын үстүнөн 25-январда Кара-Суу райондук сотуна арыз жазган. Ал моралдык компенсация иретинде алардан 1,5 млн сом өндүргүсү келет. Буга эки аялдын аны «жерлерди мыйзамсыз сатуу боюнча айыптап» жүргөнү себеп болгонун айтат.

Токторалиева менен Мирзакаримованын арызынын негизинде Ош облустук прокуратура айыл өкмөттү 19 жолу текшерген. Жыйынтыгында прокуратура «жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү» фактысын аныктаган эмес.

Капаров сотко кайрылгандан соң, эки тургун акыйкат издеп президентке чейин барабыз деп убада кылышкан.

Редактору: Айдай Беделбек кызы