Ош: Тургундун арызын каттоодон баш тарткан милиционерлерге карата териштирүү башталды

Башкы прокуратура Ош шаардык милициясынын кызматкерлери тургундун арызын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоодон баш тартышканын аныктады.

Башкы көзөмөл органдын маалымат кызматы билдиргендей, текшерүүнүн жүрүшүндө Ош ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мүлкүн уурдаткан тургундун арызын кабыл алуудан жана реестрге киргизүүдөн баш тартышканы аныкталган.

«Кызмат адамдары арызды же билдирүүнү кабыл алгандан кийин 24 сааттан кеч эмес убакытта каттоого алуулары керек. Бирок ага карабастан Ош ШИИБнин кызматкерлери аталган талаптарды этибарга албай коюшкан», — деп маалымдашты мекемеден.

Башкы прокуратура аталган факт 20-мартта «Жасалган кылмыш же жорук жөнүндө арызды же кайрылууну каттоодон жашырып коюу» беренеси боюнча каттоого алынгандыгын кабарлайт. Сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн иш шаардык жана облустук УКМКга өткөрүлүп берилген.

2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы Жазык-процесстик кодексинин эрежелери боюнча, жарандардын милицияга кайрылуулары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталууга тийиш.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы

ТЕМА БОЮНЧА:

2019-жылдан тарта жарандардын кайрылуулары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталууда. Ал кантип иштээрин түшүндүрөбүз