Масалиев КСДПсыз жаңы коалиция түзүнүү сунуштады

Исхак Масалиев парламентте. «Азаттыктын» видеосунан алынган скриншот

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев билдиргендей, парламент КСДПсыз жаңы көпчүлүк коалициясын түзүшү керек. Анын айтымында, социал-демократтардын ички чырлары «бүткүл парламентке чоң зыян келтирүүдө».

«Эгер КСДП оппозицияга кеткенин ачык билдирип атса жана өзү дээрлик бийлик болуп турса, анда муну кандай түшүнсө болот?», — деди ал.

КСДП фракциясынын жана көпчүлүк коалициясынын башчысы Иса Өмүркулов кайра баштан коалиция түзүнүүн кажети жок, анткени фракция партияга карабастан эле чечим кабыл ала деп жооп берди.

«Чынында КСДП экиге бөлүнүп калды: биринчилери экс-президентти, экинчилери — азыркы бийликти колдошот. Эгер партиянын кандайдыр бир түзүмү өзүн оппозицияда деп жарыяласа мыйзам буга жол берет. Фракция чечимди өз алдынча кабыл алат — коалицияга кирүү же кирбөө», — деди Өмүркулов.

Ошондой эле Масалиев учурдагы коалиция «мыйзамсыз» иштеп жатат деп эсептейт, анткени 2018-жылы «Республика — Ата-Журт» фракциясы бирикмеге ал түзүлгөндөн кийин гана кирип калган.

«Биз мыйзамга ылайык болгон жана мыйзамга ылайык иштеген жаңы коалиция түзүшүбүз керек. Чыныгы көпчүлүк коалициясын түзүп, кийинки жылга чейин иштөө зарыл. Антпесек аягы кайгылуу болчудай», — деди ал.

Көпчүлүк коалициясы — бул парламенттеги фракциялардын бирикмеси. Парламентте бир да партия орундардын көпчүлүгүн ала албай калган учурда коалиция түзүлөт. Көпчүлүк коалициясындагы фракцияларга өз мыйзамдары менен өзгөртүүлөрүн парламент аркылуу өткөргөн жеңил.

Көпчүлүк коалициясына учурда беш партиянын ичинен төрт фракция кирет. Алар: КСДП, «Кыргызстан», «Бир Бол» жана «Республика – Ата Журт». «Ата Мекен» болсо оппозицияда.

ТЕМА БОЮНЧА:

КСДП өзүн расмий түрдө оппозиция деп жарыялады

КСДП фракциясы бийликти колдойт, ал эми партия өзү оппозицияда. Ушундай да болобу? (Көрсө болот экен)