Бабановдун иши: Арыз ээси саясатчыга койгон дооматынан баш тартты, бирок анын өзүнө кылмыш иши козголду

Алга Кылычев. Сүрөт: «АКИпресс»

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү жана «Элдик Сакчы» коомдук бирикмесинин төрагасы Алга Кылычев 2017-жылы мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы берген арызын чакыртып алууну чечти.

Кылычев «Клоопко» түшүндүргөндөй, 2017-жылы шайлоо өнөктүгү учурунда анын жеке өзүнө Сооронбай Жээнбековдун штабынан кайрылышып, Бабановдун Оштун Он-Адыр кичи райондундагы сөздөрү үчүн БШКга арыз жазууну суранышкан. Анын айтымында, ага Бабановдун сөздөрүнүн болгону фрагментин гана жөнөтүп коюшкан.

«Мен арызды Башкы прокуратурага же УКМКга эмес, БШКга эле жазгам. Мен улуттар аралык жаңжал эмне экенин билген адаммын [...]. Мен арызда эгер Бабановдун айткандарында улуттар аралык кастыкты козутууга чакырык бар болсо, ага эскертүү берип, президенттик жарыштан алуусун жазгам», — деди Кылычев.

Ал эл аралык эксперттер Бабановдун сөзүндө улуттар аралык жаңжалды козута турган чакырыктар жок деп жатышкандыктан арызды чакыртып алууну чечкенин айтты.

«Бир жарым жылдан бери күнөөсү [Бабановдун] тастыкталбай келет. Ал учурда анын сөздөрүнөн улам эч ким жабыркап кеткен жок да [...] Мен башкалардын колунда [саясий] курал болгум келген жок», — деп кошумчалады ал.

Кийинчерээк каржы полициясы Кылычевдин өзүнө карата кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Ал «Дан» мекемесин жетектеп турган учурдагы уурулук боюнча шектелүүдө. Кылычев өзүнө каршы кылмыш иши «саясий жүйөөлөр боюнча» козголгонун билдирди.

«Мен тергөөчү менен сүйлөшкөнгө бара элекмин, бирок адвокаттарым мени жоопкерчиликке тартуу мыйзамсыз деп айтып жатышат», — деди ал.

Бабановго каршы иштер

Өмүрбек Бабановго каршы кылмыш иштери ал 2017-жылдагы президенттик шайлоодон утулуп калгандан кийин козголгон. Ал өзүнө каршы айыптоолорду «такыр маанисиз» деп атап, өлкөдөн чыгып кеткен.

2017-жылы декабрь айында Бабанов саясаттан кетүүсү тууралуу жарыялап, депутаттык мандатын тапшырган.

Ал 2019-жылдын мартында Кыргызстанга кайтып келе турганын жарыялап, аны өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур кылышкандыгы тууралуу айтып берген. Мурдагы президенттикке талапкер Кыргызстанга 13-апрелде учуп келүүнү пландап жатат, ал эми анын тарапташтары саясатчыны колдоо митингдерин өткөрүүшөөрүн жар салышты.