Ош базарынын администрациясы «Берекет универсалды» жабууну чечти — сатуучулар митингге чыгышты

Сүрөт: 24.kg

Ош базарынын 100гө жакын сатуучусу митингге чыкты. Алар базардын комплекстеринин бири «Берекет универсалды» жабуу пландалып жатканына нааразы болушууда.

Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча коомдук бирикмесинин төрагасы Махмуд Губайдуллин комплексти жабуу тууралуу жарыя бир апта мурда эле жарыяланганын айтты.

«Биз базарды 12-апрелде эмненин негизинде жапканы жатышканын түшүндүрүп берүүлөрүн каалап жатабыз», — деп билдирди Губайдуллин.

Анын айтымында, мэрия 2010-жылы «Берекет универсалдын» жетекчилиги менен 10 жылдык мөөнөткө келишим түзгөн. Губайдуллин базарды жабууга мэриянын юридикалык негизи жок деп эсептейт, анткени шаардык бийлик ижара келишиминин күчүн токтотуу жөнүндө администрацияны кабардар кылган эмес.

«Мейли бул муниципалдык жер экен, анда биз мэрияга социалдыкка багытталган базар ачууну сунуштап жатабыз. Мэрияга жылына 150 млн сомго чукул акча ашыкча болбосо керек деп ойлойм», — деди ал.

Эми болсо «Берекет универсалдын» сатуучуларына Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жаңы имаратта иштөөнү сунушташууда. Бирок бул имараттын курулушу аягына чыга элек.

Ал эми Бишкек мэриясынан комплекстин жабылышына тиешебиз жок деп жооп беришти.

«Берекет универсал» соода комплексинин директорунун орун басары Эсен Саматбаев сатуучуларды көчүргүлөрү келип аткан жаңы имаратта жумуш үчүн шарттар кыйла жакшы экенин айтты.

«Сатуучулардын келишиминин мөөнөтү 2018-жылдын 31-декабрында аяктаган. Демилгечилер тобу ижараны узартууну суранган. Ижара акысын биз 11-апрелге дейре деп алганбыз», — деп билдирди ал.

Бул «Берекет универсалдын» сатуучулары жетекчилик менен талашып-тартышып жаткан биринчи эле окуя эмес. Ушул жылдын мартында сатуучулар бизди жумуш орундарыбыздан кетүүгө «аргасыз кылып», жаңы соода комплексинен соода орундарды сатып алууга мажбурлашууда деп айыпташкан базардын администрациясын. Анда да «Берекет универсалдын» жетекчилиги бул маалыматты четке каккан.

Сатуучуларды жаңы имаратка көчүрүү аракети 2018-жылы базарда жүз берген бир нече ири өрт чыгуулардан кийин болууда. Ал учурда Киев жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги имарат да өрттөнүп кеткен. Анын ордуна базардын администрациясы жаңы имарат куруп берген.