Бишкек: «Ак-Ордо» конушунда маркум журналист Эгизбаевдин атындагы көчө пайда болду — шаардык кеңеш бул мыйзамсыз деди

Сүрөт: Каниет Жыргалбеков

Маркум журналист Улан Эгизбаевдин досу Каниет Жыргалбеков «Клоопко» билдиргендей, учурда «Ак-Ордо» конушундагы Улан Эгизбаевдин ысымы коюлган көчөнүн мурда аты жок болчу. Анын айтымында, Эгизбаевдин аты жазылган тактача көчөдө бир айдан бери илинип турат.

«[Жергиликтүү] тургундар анын эмгегин баалап, көчөгө анын ысымын ыйгарууну өздөрү чечишкен. Тургундар өздөрү шаардык кеңешке кайрылып, көчөнүн атын коюуга уруксат алышаарын айтышкан», — деди Жыргалбеков.

Бирок, Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан көчөнүн аталышын Эгизбаевдин атына өзгөртүүгө арыздар түшкөн эмес деп «Клооптун» журналистине билдиришти.

«Улан Эгизбаевдин аялы муну [жаңылыкты] өзүнүн фейсбуктагы барагына жарыялаган. [...] Бул расмий түрдө шаардык кеңештен өткөн эмес жана биз болсо [макулдугубузду] бере элекпиз», — деп айтышты басма сөз кызматтан.

Ал жактан кошумчалашкандай, Бишкекте көчөлөрдүн атын өзгөртүүгө мораторий киргизилген, бирок эге бул көчөнүн аты башынан жок болгон болсо, анда тургундар өз сунушун Бишкек башкы архитектурага караштуу топонимика бөлүмүнө жөнөтүүлөрү керек.

«Азаттык» радиосунун журналисти Улан Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ыссык-Көлдөгү «Акун» пансионатында сууга чөгүп каза тапкан.

Уланбек Эгизбаев журналисттик иликтөөлөрүндө кыргыз аткаминерлеринин коррупциялык схемаларынын, хан сарайлардын курулушу үчүн муниципиалдык жердин мыйзамсыз сатылышынын жана көрүстөндөгү коррупциянын бетин ачкан.

Анын көрүстөндөгү коррупция тууралуу акыркы иликтөөсүнөн кийин парламенттин депутаттары менен укук коргоо органдары бул кырдаалга көңүл бура башташкан.

Авторлошу: Рустам Халимов