Кантта 12 жашар баланы уурдоого шектелгендер эки айга ТИЗОго киргизилди

Данил Браилкинди уурдоого шектелгендер. Сүрөт: Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы

Бул тууралуу Чүй облусунун прокуратурасынын кылмыш жана жарандык сот өндүрүшү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Тагаев 24.kg маалымат агенттигине билдирген.

Тагаевдин айтымында, шектүүлөрдү тергөө изоляторуна (ТИЗО) камоо тууралуу чечимди Ысык-Ата райсоту кабыл алган.

12 жаштагы Данил Браилкин 11-апрель күнү эртең менен уурдалган. Баланы мектепке бара жаткан жеринен «Яндекс Таксинин» эн белгиси чапталган ак түстөгү «Хонда Фит» үлгүсүндөгү машинага күч менен салып кетишкен.

12 жашар Данил Браилкинди дени сак бойдон тапты

Чүй облусунун милициясы 12 жашар Данил Браилкинди 11-апрель күнү кечинде тирүү жана дени сак бойдон тапты. Уурдалган бала Бишкекке жакын Панорама районундагы жабык гараждын жер төлөөсүндө болгон. Милиционерлер эки шектүүнү кармашты.http://bit.ly/2KtFXuh

Posted by Kloop кыргызча on Friday, April 12, 2019

Милиция Данилди ошол эле күнү кечинде Бишкектен алыс эмес жердеги Панораманын районунан тапкан. Ошол эле күнү уурдоого шектелген эки жаран кармалган. Сурак учурунда шектүүлөр баланы соодалашып, «аласасын өндүрүп» алуу үчүн уурдап кетишкенин айтышкан.

ТЕМА БОЮНЧА: