Бишкек бийлиги «Ата Мекенге» эски аянтта митинг өткөрүүгө тоскоолдук кылбайт

Текебаевдин тарапташтарынын 2017-жылдын 9-марттагы митинги. Сүрөт: Даниль Усманов

Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, администрация «Ата Мекен» оппозициячыл партиясы 23-апрель күнү эски аянтта митинг өткөрө турганын «эске алган».

«Уруксат берүү же бербөө биздин компетенциябызда эмес, мыйзамда бул так жазылган», — деди Султанов.

Атамекенчилер партиянын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаевдин жана экс-депутат Садыр Жапаровдун иштерин кайра карап чыгуу боюнча Жогорку соттун отуруму учурунда тынчтык митингин өткөргөнү жатышат. Алардын айтымында, митингге миң адамды чогулат.

«Митинг жол тосуу же бирөөнүн укугун бузуу эмес. Ал демократиянын бир рычагы. 23-апрелде “Ата Мекен” партиясы тынчтык митингине чыгат. Мэрден чочулабайбыз», — деди партиянын лидери «Марал ФМ» радиосуна курган маегинде.

Мурдараак Бишкектин мэри Азиз Суракматов борбор калаада 2020-жылга чейин митингдерди өткөрүүгө мораторий киргизүүнү сунуштаган. Бирок аны менен бирге маселелерди дебаттар жана тегерек столдор аркылуу чечүү үчүн мэрия орунжай бөлүп берип турат деп убадалаган.

Бул билдирүү «Республика» партиясы Кыргызстанга кайтып келиши керек болгон мурдагы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдоо митингин өткөрүүнү көздөп жатканы тууралуу кабарлагандан кийин айтылган. Шаардын администрациясы сотко кайрылып, митингди Горький атындагы гүлбакчага жылдырууну суранган. Сот шаар бийлигинин сунушун колдогон.

Бирок партия чагым болуп кетиши ыктымал деп митинг уюштурууну токтотуп койгон. Ал эми Бабанов өзү Кыргызстанга кайтпай турууну чечкен.

«Тычн чогулуштар жөнүндө» мыйзамына ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мисалы мэрия — жарандардын жынысы, расасы же саясий ынанымдары боюнча айырмалабастан урматтоого жана тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылууга милдеттүү.