«Коопсуз шаардын» камерасын талкалоого аракет кылган милиционер жумуштан алынды

Милиционер Беш-Күнгөй айылында «Коопсуз шаардын» камерасын сындырууга аракет кылганы үчүн ички иштер органдарынан бошотулду.

ИИМдин басма сөз кызматынан айтып беришкендей, 21-февраль күнү аларга бейбаштык тууралуу кабар келип түшкөн — белгисиз эки адам «Коопсуз шаардын» көчмө камераларынын биринин ишине жолтоо болуп, аны талкалоого аракет кылышкан.

Тергөө шектүүлөрдүн бирөөсү милиционер болгонун аныктаган.

Камера эреже бузууларды туура эмес аныкташы мүмкүн болгонгондуктан, ал дароо эле иштен алынган.

«Коопсуз шаар» — бул камералардын жардамы менен жол кыймыл эреже бузууларын каттоо боюнча мамлекеттик долбоор. Учурда «Коопсуз шаар» Бишкекте жана Чүй облусунда гана ишке кирген, дагы бир камера Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда турат. Жолдорго камераларды орнотуу ишин орусиялык «Вега» компаниясы аткарып жатат. Бирок бийлик камераларды бүткүл өлкө боюнча орнотууну пландап жатат.