Ош милициясы ала качууга кабылган 16 жаштагы кыздын окуясын териштирүүдө

Ош шаардык милициясынан билдиришкендей, 15-апрель күнү ала качууга кабылган 16 жаштагы кыздын апасы арыз менен кайрылган. Аталган факт «никеге турууга мажбурлоо» беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, териштирүү иштери жүрүүдө.

Маалымат 18-апрель саат 10:36да жаңыртылды

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, мажбурлап никеге тургузуу максатында ала качууга кабылган кыздын апасы милицияга 15-апрелде арыз жазган. Эне 16 жаштагы кызын Кара-Суунун 21 жаштагы тургуну ала качканын билдирген.

«Эне [жигит] кызынын жашы жете элек экендигин билип туруп, никеге тургузуу үчүн мажбурлап алып качып кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылып, ала качкан тарапты тиешелүү жазага тартууну ѳтүнгѳн», — деди Сыдыков.

Милициядан кыз өз көрсөтмөсүндө аны ала качкан жигит менен мурдатан тааныш экендигин жана ал жигит менен ыктыярдуу түрдө жыныстык катнашка барганы туурасында айтканын маалымдашты.

Ал эми кыздын таякеси Султан Жумагулов аталган маалыматты четке какты. Анын айтымында кыз 13-апрелде үйүнөн чыгып кетип дайынсыз болгон. Ошол эле күнү кечинде кабатыр болгон жакындары аны издей башташкан.

«Алар буга чейин whatsappтан жазышып жүрүшкөн экен. Ошол күнү кызды түрдүү жолдор менен азгырып досунун туулган күнүнө алып барат. Андан кийин шаардагы батирлердин биринде өспүрүм кызды күч колдонуп зордуктаган. Эртеси күнү кылмыш жоопкерчилигинен качып кутулуу максатында кызды ала качкан», — деп билдирди Жумагулов.

Укук коргоо органдары аталган фактты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Мажбурлап никеге тургузуу» беренеси менен катташкан. Милициядан эгерде ала качкан жигиттин жашы жете элек кыз менен сексуалдык мамиледе болгондугу аныкталса, ал «зордуктоо» фактысы боюнча да жоопкерчиликке тартылаарын кошумчалашты.

«Кыз өзүнүн каалоосу менен [жыныстык катнашка барган] күндө дагы, жигит андай ишке барбаш керек болчу. Биологиялык экспертизанын жыйынтыгынан кыз зордукталган деп аныкталса жана кызга ошондой көрсөтмө бересиң деп басым жасалган болсо [тиешелүү адамдар] жоопкерчиликке тартылат», — деди Сыдыков.