Видео: Белгисиз адамдар Бишкек-Торугарт жолундагы «Коопсуз шаардын» камерасын аткылап салышкан

ЖКККББдан маалымдашкандай, Кеминдеги жол участкасында белгисиз адамдар «Коопсуз шаардын» камерасын аткылап салышкан. Тергөө тобу иликтөө ишин баштады.

«Вега» компаниясынан «Азаттыкка» билдиришкендей окуя 15-апрелде жүз берген. Алардын айтымында, бузулган камераны ошол эле күнү алмаштырып, экспертизага жөнөтүшкөн жана анын жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян бааланат.

«Коопсуз шаар» — бул камералардын жардамы менен жол кыймыл эреже бузууларын каттоо боюнча мамлекеттик долбоор. Учурда «Коопсуз шаар» Бишкекте жана Чүй облусунда гана ишке кирген, дагы бир камера Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда турат.