ЖАМК ТИЗО-1ди Бишкектин чет жакасына чыгаруу үчүн жер издеп жатат

ТИЗО-1дин кире бериши. Сүрөт: ЖАМКтын басма сөз кызматы

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы (ЖАМК) Мелис Турганбаев ТИЗО-1 менен №47 түзөтүү абагын Бишкектин чет жакасына чыгаруу үчүн документтерди даярдай баштоону тапшырды.

Учурда бийлик камактагыларды кармоо үчүн ылайыктуу жер менен имарат издеп жатканын ЖАМКтын басма сөз кызматынан «Клоопко» кабарлашты.

«Так убакыттар азырынча белгисиз. Мамлекет бизге жер, имарат жана документация бергенден кийин көчөбүз [...] ТИЗО жаңы ачылганда ал шаардын четинде болчу. Азыр болсо дээрлик борбордо. Көчүрүү тууралуу сүйлөшүүлөр мурдатан бери болуп келүүдө», — деп айтышты басма сөз кызматтан.

Тергөө изолятору-1(ТИЗО) Бишкектин Горький жана Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Учурда ал жакта эки миңге чукул адам кармалууда. Ал эми №47 түзөтүү абагы Муромский жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда 500гө чукул адам кармалууда.

Укук коргоочулар менен активисттер ТИЗО-1ди көчүрүү маселесин бир нече жолу көтөрүшкөн, анткени анын шаардын борборунда жайгашканы адамдардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч туудуруп, андан тышкары, автоунаалардын ээн-эркин кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн.

Шаардын Башкы планына ылайык, ТИЗО-1дин аймагы аркылуу жол өтүшү керек, бирок каржылоонун жоктугунан, аны көчүрүү боюнча маселе көп жылдан бери чечилбей келет.