Экс-президент Атамбаев өз башкаруусу учурунда камалган Текебаев менен Жапаровдун ишин кайра кароону сунуштады

Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев

Экс-президент Алмазбек Атамбаев укук коргоо органдарына эгер Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровго каршы кылмыш иштеринде «жаңы жагдайлар ачыла турган болсо» алардын ишин кайра карап чыгууну сунуштады.

Алардын үчөө тең Атамбаевдин тушунда камакка алынган, бирок эми экс-президент жана аны колдогон социал-демократтардын бир бөлүгү «мамлекет алардын саясий көз карашына, абалына жана жеке инсандыгына карабастан, адилеттүү соттук териштирүү иштерин өткөрүүнү камсыздап бериши керек» деп айтып жатышат.

Атамбаев президент болуп турган кезинде Текебаевдин иши тууралуу бул «чыныгы коррупция жана алдамчылык» деп айтып, көптөгөн күбөлөргө таянган. КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаев азыр деле Текебаевдин күнөөлүүлүгүнө ишенет деп ырастады.

Өмүрбек Текебаевдин иши чын эле кайра каралат. Анын үзөңгүлөшү Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, Текебаевдин иши 23-апрелге дайындалган.

«Бир нече күн мурун башкы прокурор депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып алар жаңы ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра карап чыгууга даяр экенин айткан [...] Текебаевдин ишин кайра карап чыгууну талап кылган беш жагдай бар», — деп айтты депутат.

Атамбаевдин сунушу анын учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон араздашуусунун шартында жаңырды. Жээнбеков бийликке келгенден кийин Атамбаедин тарапкерлерине коррупцияга каршы иштер козголгон, ал эми парламент үчүнчү окууда экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун жактырышкан. Эгер Жээнбеков мыйзам долбооруна кол койсо, Алмазбек Атамбаевге каршы кылмыш иштери козголуп кетиши ыктымал.

Оппозиционерлердин кылмыш иштери

Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунда анын атаандаштарына каршы бир катар кылмыш иштери козголгон. Ошентип онго чукул саясатчы бийликти күч менен басып алуу боюнча айыпталган — Жээнбековдун башкаруусу учурунда алардан бул айыптар алынып, саясатчылардын бир бөлүгү эркиндикке чыгарылган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов

Каршылык акцияларына алып келген чуулгандуу иштердин бири — бул Өмүрбек Текебаевге каршы козголгон кылмыш иши болгон. Ага кылмыш иши саясатчы Атамбаев демилгелеген конституциялык реформага каршы чыккандан кийин козголгон. Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден миллион доллар пара алуу жана коррупция боюнча айыпташкан. Тергөөнүн версиясына ылайык, акчаны алган соң Текебаев Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга жол ачып бермекчи болмок. Бул иште саясатчы Дүйшөнкул Чотонов ыктымал ортомчу болгону айтылган.

Экөөнү тең күнөөлүү деп табышып, башында сегиз жылга соттошкон, андан кийин алардын жаза өтөө мөөнөтүн 4,5 жылга чейин кыскартышкан — саясатчылар өздөрү күнөөлөрүн моюнга алышкан эмес. Текебаевдин тарапташтары 2018-жылдын май айында Башкы прокуратурага кайрылышып, анын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап чыгууну суранышкан. Бирок анда Башкы прокуратура кайра карап чыгуудан баш тарткан.

Садыр Жапаров

Ал эми оппозиционер Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган делип айыпталган. Бирок Каптагаев өзү Жапаровго карата дооматы жана анын күнөөсү жок экенин айткан. Натыйжада оппозициячыл саясатчы 11,5 жылга эркинен ажыратылган.