Санкт-Петербург: Кыргызстандык 10 сааттык курьерлик нөөмөтүнөн кийин каза тапты

Иллюстративдик сүрөт / «Яндекс.Еда»

Кыргызстандык Артык Орозалиев «Яндекс.Еда» жеткирүү кызматындагы 10 сааттык курьерлик иш нөөмөтүнөн кийин каза тапты. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча экспертизанын корутундусун ала элек, бирок өлүмдүн алдын ала себеби — жүрөк кемтиги.

Кыргыстандын Москвадагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова Орозалиевдин сөөгү Кыргызстанга жеткирилип, 21-апрелде жерге берилгенин «Клоопко» маалымдады.

«Бизге азыр медициналык корутундуну берише элек [...] Маркумдун кесиптеши алар сүйлөшүп турган учурда кулап түшкөнүн айтып берди. Тез жардам келип, кайтыш болуп калганын белгилешкен», — деди Байымбетова.

Анын айтымында, «Яндекс.Еда» компаниясы маркумдун үй-бүлөсүнө компансация төлөп берген, бирок анын өлчөмүн ачыктаган жок.

Артык Орозалиев 16-апрель күнү «Яндекс. Еда» жеткирүү кызматындагы 10 сааттык иш нөөмөтүнөн кийин кайтыш болгон. Ал Чүй облусунун Төрт-Күл айлынан жарым жыл мурда Санкт-Петербургга иштөө үчүн келген.

Орусиялык «Бумага» басылмасы «Яндекс.Еда» сервисинин басма сөз кызматына таянып Орозалиев жүрөк кемтигинен каза болгонун жазып чыккан.

Бирок каза болгон кыргызстандыктын бир тууганы Тимур Орозалиевдин айтымында, буга чейин Артыктын жүрөгүндө маселе жок болчу.

«Мен тааныш кардиолог менен кеңештим. Ал толук бойдон дени соо адамда ашыкча иштөөдөн ушундай болмок эмес деп мага айткан», — деген ал орусиялык «Фонтанка» басылмасына.

«Яндекс. Еда» компаниясынын басма сөз кызматы кыргызстандык кайтыш болуп калган күнү 10 сааттык иш нөөмөттө болгонун тастыкташты. Алардын айтымында, курьерлер иш тартибин өздөрү тандашат жана ал төрт сааттан он эки саатка чейин созулушу мүмкүн. Жумуш аз учурларда кызматкерлер тыныгуу ала алышат.

Кыргызстандык каза тапкандан кийин твиттердин колдонуучулары курьерлерди «ашыра иштөөгө мажбурлабоого жана алар үчүн ченемдүү эмгек шарттарын» орнотууну талап кылышты. Твиттерде #яндекссмерть жана #яндекседаответь хэштегдери менен твит жаза башташкан.