Видео: Бишкектеги бакчада балдар керебетте үчтөн укташат

№1 бала бакча. Сүрөт: «АКИпресс»

Инстаграмдагы omks_video аккаунту Бишкектеги бала бакчалардын бириндеги уктоо сааты учурунда кичинекей балдар бир керебетте үчтөн-төрттөн уктап жаткандары тартылган видео жарыялады. Мындан тышкары, видеодон кээ бир балдар жерде уктап жаткандарын көрүүгө болот.

https://www.instagram.com/p/BwlvkRvhxAR/

Видеонун түшүндүрмөсүндө жазылгандай, видео Кудайберген базарынын районундагы №1 бала бакчасында тартылган.

Бишкектин билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, ал күнү бала бакчадагы бөлмөлөрдүн бирин оңдошкон жана анда боёктун жыты бар болчу, ошондуктан балдарды башка топ менен чогуу жаткырууну чечишкен.

Анткени менен бала бакча чындыгында ашыкча толтурулган — ал 140 орунга ылайыкталганы менен ага 300гө чукул бала барат, ошондуктан кичинекей балдарга негизи экиден уктоого туура келет.