Баткен: Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн кызматтан алынган башчысы сотко кайрылды

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн кызматтан алынган башчысы Саатбек Эгембердиев президенттен сыйлык алган учуру. Сүрөт: фейсбук

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн кызматтан алынган башчысы Саатбек Эгембердиев жумушка кайра кайтуу арызы менен сотко кайрылды. Ал кызматтан негизсиз бошотулганын айтат.

Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Саатбек Эгембердиев кызматынан 2-апрелде алынган. Анын жумуштан кетишине 21 айылдык кеңештин депутатынын ичинен 11и макулдугун берген, 10у каршы добуш берип залдан чыгып кеткен.

Эгембердиевдин айтымында, аны кызматтан алуу маселеси күн тартибинде жок болгонуна карабастан каралган.

«Мени иштен кетирүүгө «төрт объект муниципалдык менчикке алынган эмес, былтыр кошумча табылган 6,5 млн сом кирешени иштеткен эмес» деген себептерди айтып жатышат. Бул эч негизсиз. Анткени кошумча киреше жыл аягында табылган. Аны иштетүүгө убакыт тар болуп калгандыктан мыйзам боюнча каражат кийинки жылдын бюджетине өтүп кете берет», — деп түшүндүрдү ал.

Эгембердиев аким анын кызматтан алынышы боюнча сунушту айылдык кеңештин депутаттарына негизсиз берген деп эсептейт.

«Мен ага бензинин куюп, чай бербегеним үчүн ушундай кылып жатат. Прокуратурага менин үстүмдөн текшерүү жүргүзүү үчүн өзү кайрылган», — деди ал.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Саатбек Эгембердиев райондук прокуратуранын текшерүүсүнүн негизинде жумуштан алынганын билдирди. Ал көзөмөл орган аталган айыл өкмөттө иликтөө жүргүзүп бир нече мыйзам бузууну аныктаганын айтты.

«Кандай мыйзам бузуу болгонун мен силерге айтып бере албайм, прокуратурадан тактагыла. Маселени айылдык кеңештин депутаттарынын сессиясына киргиздим, [Эгембердиевдин кызматта калуусун] алар колдошкон жок. Мен ошол себептүү 2-апрелде кызматтан алуу боюнча буйрук чыгардым», — дейт Бекмуратов.

Райондук прокуратура комментарий алууга жеткиликсиз болду. Ал эми Башкы прокуратурадан «Клооптун» журналистине кат түрүндө сурам жөнөтүүнү айтышты.

Кызматтан негизсиз алынганын айткан Эгембердиев Лейлек райондук сотуна арыз менен кайрылган. Алгачкы сот отуруму 29-апрелге белгиленген.

Райондук соттун төрагасы Ниязбек Турдалиев Саатбек Эгембердиев сотко арыз менен кайрылганын «Клоопко» тастыктады. Анын айтымында, сотто Эгембердиевди кызматтан алуу боюнча буйрукту жокко чыгаруу же күчүндө калтыруу маселеси каралат.

Жаңы-Жер айыл өкмөтү 2017-жылы дотациядан чыккан. Ал райондогу мамлекеттик бюджеттен каражат албаган биринчи аймак. Ага кошкон салымы үчүн Эгембердиев эки жыл мурун президент тарабынан ардак грамота менен сыйланган. Ал эми 2019-жылы аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун колунан саат алган.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы