Баткендеги окуучулар эмдөөдөн эмес, ичеги таякчаларынан улам ооруканага түшүшкөн — Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова 25-апрелде билдиргендей, Баткен облусундагы мектеп окуучуларынын абалдарынын начарлашына эмдөө эмес, ичеги таякчалары себеп болгон.

Анын айтымында, эмдөөнүн алдында мектеп окуучулары көчө тамагын жешкен, ал эми ооруканага жаткырылган окучулардын биринин абалы ийнеден корккондуктан начарлап кеткен.

«Баткен облусунда жыл башынан бери бул вакцина менен 20 миңден ашуун адам эмделген жана эч кимисинен кыйыр реакция байкалган эмес», — деди Ишенапысова.

Ал кептөөр менен селеймеден алынган эмдөө жүрөк айлануу жана кусуу сыяктуу кыйыр таасир бербейт деп кошумчалады.

Баткен облусунда апрель айынан башында кептөөр жана селейме ооруларына каршы эмдөөдөн кийин жети мектеп окуучусу ооруканага түшкөн. Алардын ичинен экөөсү жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Балдар эмдөөдөн кийин өздөрүн начар сезгенине даттанышкан. Алар кускулары келип, алсырап, айрымадары эс учун жоготуп кулашкан.

Ал күндүн эртеси медиктер ооруканадан алты баланы чыгарышкан, бирок бир окуучу кыз врачтардын кароосунда калган эле.

Ошол маалда Саламаттык сактоо министрлигинин адистери балдар ийнеден коркушкан деп божомолдошкан, бирок чыныгы себептерди аныктоо үчүн мекеме атайын комиссия түзгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: