«Аллах дартты жөнөткөн, ошондуктан дарылангыла» — муфтият эмдөөнү колдоду

Иллюстративдик сүрөт. Pixabay

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) Аалымдар кеңеши динге ишенгендер үчүн фатва кабыл алды. Ал жакта эмдөөгө тыюу жоктугу айтылат. Кыргызстанда диний көз караштарга таянуу менен эмдөөдөн баш тарткан адамдардын саны өсүп жатат.

КМДБ Аалымадар кеңешинин динге ишенген адамдар курамында чочконун аралашмасы жана башка тыюу салынган заттар жок эмдөө ала алышаары тууралуу фатвасын 5-апрелде таратты. Фатвада Мухаммед пайгамбардын кудай дартты да дабаны да жөнөткөн, «ошондуктан даарылангыла» деп айткан сөздөрү келтирилген.

Фатвада динге ишенгендер Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин текшерүүсүнөн өткөн жана коопсуздугу батыш өлкөлөрүнүн окумуштуулары тарабынан далилденген эмдөөнү ала алышат деп айтылган.

«Эмдөө боюнча ар тараптуу пикирлер болгондугу себептүү эмдөө ар бир адамдын өз ыктыярында калуусун жактайбыз», — деп айтылат КМДБнын билдирүүсүндө.

Фатвада альтернативдүү дарылануу жок болгон учурда эмдөөдөн өтсө болот деп айтылат. Ал эми адистер эмдөө адамды дарылай турганын далилдешкен.

Соңку эки жыл ичинде Кыргызстанда балдарын эмдетүүдөн баш тарткан адамдардын саны дээрлик 60 пайызга өскөн. Саламаттык сактоо министрлиги 2018-жылы балдарын эмдетүүдөн баш тарткан 7 миңден ашуун адамды каттаган.

Эмдетүүдөн баш тартууга кыргызстандыктар диний көз караштар себеп экенин айтышат.

Фатва — бул кандайдыр бир маселе боюнча диний лидерлердин исламдын принциптерине негизделген чечими. Фатва — динге ишенгендер үчүн сунуш жана алар аны аткарууга милдеттүү эмес.

Аалымдар кеңеши — бул КМДБга караштуу кеңеш берүүчү орган. Ал дин илими маселелерин чечет жана өлкөнүн муфтиятын тандайт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эмне үчүн сөзсүз түрдө эмдөөдөн өтүү керек? Түшүндүрөбүз