Ош: Эки тургунду сотко берген айыл өкмөт башчы доосунан баш тартты

Кара-Суунун эки тургунун үч ай мурун сотко берген айыл өкмөт башчы Шарабидин Капаров арызын кайтарып алат. Ал тургундардын аны «жерлерди мыйзамсыз сатуу боюнча айыпташканына» нааразы болуп, алардан 1,5 млн сом моралдык компенсация өндүрүүнү каалаган.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров «Клоопко» билдиргендей, маселени тынчтык жолу менен чечүү үчүн тургундарга койгон доосунан баш тартты.

«Аксакалдардын сунушу менен арызымды кайтарып алам», — деп түшүндүрдү ал.

Капаров сотко берген Кызыл-Кыштактын эки тургуну Гүлнара Мырзакаримова менен Орозгүл Токторалиева айыл өкмөт сотко берген арызын кайтарып ала турганын «Клоопко» тастыктады.

Апрелдин башында алар президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу максатында Бишкекке жөө кетишкен. Алардын мындай кадамга барышына айыл өкмөт башчынын тургундардын үстүнөн сотко арызданганы себеп болгон.

Кызыл-Кыштак айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаров 25-январда айыл тургундары Орозакан Токторалиева менен Гүлнара Мирзакаримованын үстүнөн Кара-Суу райондук сотуна арыз жазган. Ал моралдык компенсация иретинде алардан 1,5 млн сом өндүргүсү келген.

Капаров тургундар аны «жерлерди мыйзамсыз сатуу боюнча айыпташканын» маалымдап, мындан улам Ош облустук прокуратурасы айыл өкмөттү 19 жолу текшергенин билдирген. Жыйынтыгында көзөмөл орган «жерлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү» боюнча фактысын аныктаган эмес. Бирок, айыл өкмөт башчы тынымсыз текшерүүлөр анын ишине тоскоолдук жаратып, моралдык жактан жабыртартканын айткан.

Райондук сот Капаровдун арызын кабыл алып, сот отурумун белгилеген. Бирок эки тургун отурумдарга келишкен эмес. Алар айыл башчынын дооматтары негизсиз деп билдирип, аны жер бербей жатат деп айыпташкан.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы