Жалал-Абаддын вице-мэри сейил бакта жаңы отургузулган көчөттү журналисттердин көзүнчө кайрадан тиккен

«Акипресттин» видеосунан скриншот

Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Болот Узакбаев 13-апрелде облустук администрациянын кызматкерлери жана журналисттер менен сейил бакка барып жаңы отургузулган көчөттөрдү кайра тиккен.

Кийинчерээк ушул эле сейил бакка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келгенге чейин 60ка чукул көчөт отургузулганы белгилүү болгон. Бирок журналисттерге вице-мэрдин көчөт отургузуп жатканын көрсөтүп бериш үчүн эки көчөт тамыры менен жулунуп алынган.

«Мен өзүм эки көчөттү эгилген жерден сууруп бердим. Анан вице-мэр телевидение тартып турган учурда көчөттү кайра экти. Эми бир сааттын ичинде көчөт эч нерсе болбойт. Бирок эл көрсүн үчүн жасаганы мени таң калтырды. Бул элдик парк, кайрадан он түп көчөт алып келип тиксе ырахмат айтат элем», — деп билдирди сейил бактын башчысы Сабыр Маматалиев

Вице-мэр өзү үчүн алынып келинген көчөттөр кайдан келгени боюнча кабары жоктугун айтты.

«Мен барган убакта көчөттөр эгилип бүтүп калган экен. Биз облустук администрациянын кызматкерлери менен эки көчөт эккенбиз. Бирок алар кайдан келди, ким жулуп келди ал боюнча маалыматым жок. Өсүп турган көчөттү жулуп алып кайра эккендей анчалык жинди эмесмин», — деп жооп берди ал.