ЖМК: Бишкектеги кафеде УКМКнын кызматкерлеринин катышуусунда мушташ чыкты. Эмне белгилүү?

«Бахчай» кафеси. Сүрөт: Kaktus.Media

«Кактустун» журналисттери 26-апрелде Бишкектин түштүгүндөгү «Бахчай» кафесинде орун алган мушташ тууралуу жазышкан. Басылманын маалыматына ылайык, мушташты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) үч кызматкери баштаган.

Мушташ тууралуу жаңылыктын авторлору белгилешкендей, чырдын чыгышына УКМКнын кызматкерлери менен кафенин башка кардарларынын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Кырдаалды «Тайфун» күзөт агенттигинин кызматкери жөнгө салууга аракет кылып, айтышып жаткандарга эскертүү беришкен. Басылма маалыматты аларга «Тайфун» күзөт агенттигинин жетекчилиги бергенин жазууда.

«УКМКнын үч кызматкерине күзөтчүнүн эскертүүсү жакпай калган. Алар аны көчөгө чыгарып алып бир нече жолу уруп, [күзөтчүнүн] башына тапанча такап, андан кийин бычак менен жарадар кылышкан [...] Жабырлануучу ооруканага жеткирилген», — деп жазышкан «Кактустун» кабарчылары.

Журналисттердин маалыматына ылайык, азыр жаңжалды уюштургандар Октябрь ИИБинде отурушат, ал эми бул окуяны УКМКнын башка кызматкерлери «жөнгө салууга аракет кылышкан».

Мушташка УКМКнын кызматкерлери катышкандыгы тууралуу укук коргоо органдарындагы булактарга таянып 24.kg басылмасы да жазып чыкты.

«Бахчай» кафесинин администратору «Клооптун» кабарчысына курган маегинде жүз берген окуяга «комментарий бере албасын» айтты. Ал эми саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова ооруканага жаткырылган күзөт агенттигинин кызматкери жөнүндө «маалыматы жок» экенин билдирди.

УКМК, Бишкек ШИИБи жана Башкы прокуратура эмне деп жатат?

Башкы прокуратурадан «Клооптун» кабарчысына маалымдашкандай, «Бахчай» кафесинде чын эле мушташ болгон жана бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бирок ведомство чындап эле бул жаңжалга УКМКнын кызматкерлери катышып-катышпаганы тууралуу суроону жоопсуз калтырды.

«Окуянын чоо-жайын айтып бере албайбыз. Эгер сизге кеңири маалымат керек болсо УКМКга кайрылыңыз», — деп билдиришти Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клоопко» ведомствонун кызматкерлеринин чыр-чатакка катышып же катышпаганын тастыктап да, төгүндөгөн да жок.

«Азыр териштирүү иштери жүрүүдө, тийиштүү чаралар көрүлөт. Биз териштирип жатабыз», — деп айтты Сулайманов.

Бишкек ШИИБдин басма сөз борборунун начальниги Мира Абдылдаева «Клооптун» журналистине мушташ тууралуу маалыматты «расмий тастыктабасын» айтты. Бирок анын айтымында, укук коргоо органдары «текшерүү жүргүзүп жатышат».