Видео: Бишкекте дүкөндү куралдуу карактоо

Карактоо тартылган учур. «АКИпресстин» видеосунан алынган скриншот

Бишкек ШИИБинен билдиришкендей, карактоо 27-апрелден 28-апрелге караган түнү Бишкектин 12-кичи районунда жайгашкан «Супер Арзан» дүкөнүндө орун алган.

Видеодон бет капчан жана тапанча көтөргөн эки адам дүкөнгө кирип келип кассачы менен кароолчуну коркутушканын көрүүгө болот.

Мындан кийин эки адамдын бирөөсү кассада турган аялга түшкөн кирешени баарын баштыкка салууну буйруйт, бул учурда экинчиси күзөтчүгө көз салып турган. Алар акчаны алып, дүкөндөн чыгып кетишет. Каракчылар жалпысынан 35 миң сомго чукул акча алып кетишкен.

Милиция «Каракчылык» беренеси менен кылмыш ишин козгоду.