Бир кадр менен: Ноокенде ишкер 6 млн сомго бала бакча куруп берди

Бала бакчанын ачылышы. Сүрөт: turmush.kg

Ноокен районунун Курулуш айылында 52 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди. Анын курулушуна жеке ишкер Момунжан Алиев өз каражатынан 6 миллион сом бөлүп берген. Курулуш бир жылда аяктап, бакча өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилди.

Райондук администрациядан билдиришкендей, аталган аймакта 50 орундуу бир гана бала бакча иштеп жаткан. 500дөн ашуун үй-бүлө жашаган айылда орундар жетишсиз болгон.

«Бакчаны Москва шаарында ишкерлик менен алектенген тургун куруп берди. Өзү да ошол айылдан болот экен. Алгач мечит куруп берүүнү айтканда, айыл өкмөт бакча маселеси курч экенин айтып, сунуштаптыр. Ал макул болуп 52 орундуу бакча куруп берди», — деп маалымдашты райадминистрациядан.

Ноокен районунда 137 миң адам жашайт. Ал эми бала бакчалардын саны 51ди түзөт. Район боюнча мектеп курагына чейинки балдардын 48% бакчага барбайт.