Бишкек: Сот «Апрель» телеканалын Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирди

«Медиа Полиси Институту» Бишкек шаардык соту 2-майда «Апрель» телеканалын парламенттин экс-спикери Ахматбек Келдибековго, андан тышкары, саясатчылар Азимбек Бекназаровго жана Кеңешбек Дүйшөбаевге 100 миң сомдон төлөп берүүгө милдеттендирген өкүм чыгарганын билдирди.

«Ошентип экинчи инстанция биринчинин “Апрель” телеканалы төгүндөөчү материал жарыялап, ошол эле учурда экс-президент төгүнгө чыгаруучу билдирүү жазып, ар бир доогерге 100 миң сомдон моралдык компенсация төлөш керек болгон чечимин жарым-жартылай өзгөрттү», — деп билдиришти юристтер.

Ошондой эле сот экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Келдибековго, Бекназаровго жана Дүйшөбаевге, ар бирине 100 миң сомдон моралдык компенсация төлөп берүүсү керектиги тууралуу чечимди күчүндө калтырды.

«Балким, доогер катары чыгып жатышкан саясатчылар үчүн ЖМК мындай акчаларды төлөй алгыдай сезилет, бирок бул чөйрөдө иштеп жатып биз 300 миң сом — бул салыштыргыс чоң акча экенин билебиз. ЖМК жөн гана өз иштерин аткарган жана Атамбаевдин эфирге чыгуусу үчүн аянтча түзүп берген», — деп билдирди «Институт Медиа Полисинин» башчысы Бегайым Үсөнова.

Уюмдун юристи Алтынай Исаева чечимди Жогорку сотто даттанышаарын билдирди.

Атамбаев менен «Апрелге» каршы коюлган дооматтар

Келдибеков, Дүйшөбаев жана Бекназаров Атамбаевди 2018-жылы 10-декабрда «Апрель» телеканалына курган маеги үчүн сотко беришкен.

Телеканалга курган маегинде экс-президент «Келибековдор мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп мультимиллионер болушкан», ал эми «Азимбектер [Бекназаровдор] менен Дүйшөбаевдер» эгер кокус Кыргызстанда «оңдолбос бирдеке болуп, кан төгүлүп кетсе» киреше табышат деп айткан.

Саясатчылар Атамбаевди жана «Апрель» телеканалын сотко беришкен. Доонун жалпы суммасы 18 млн сомду түзөт. Сот болсо аны жарым-жартылай орундатып, Атамбаевди 300 миң сом төлөтүүгө милдеттендирген.