«Бул жерде трагедия болбосо керек». Матраимов атасынын урматына арналган турнирге катышкан депутаттар тууралуу

Кара-Суудагы спорт турнири. Солдо Искендер Матраимов жана ортосунда анын бир тууганы Райымбек Матраимов

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов билдиргендей, парламенттин депутаттары жана чоң мансаптуу аткаминерлер анын үй-бүлөсү атасынын урматына өткөрүп турган турнирлерге жыл сайын келип турушат.

«Айыл өкмөттөрдүн арасында кичи футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрөбүз. [...] Жыл өткөн сайын депутаттардын арасында бири-бирине болгон мамилеси жакын боло берет экен. Ушундай иш-чарага өзүм депутаттарды чакырдым. Алар менин чакыруумду кабыл алып, катышып кетишти. Менин иниме болгон сөздөрдүн буга кандай тиешеси бар? Бул жерде трагедия болбосо керек. Муну баары туура түшүнүшү керек», — деди Искендер Матраимов «Азаттыкка».

1-майда Ош облусунун Кара-Суу районунда Исмаил Матраимовдун урматына арналган спорт турнири болуп өттү. Турнирдин байге фонду 1 млн сомдү түзгөн.

Чакырылган коноктордун арасында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, парламенттин спикери Дастан Жумабеков, андан тышкары, депутаттар Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, Канат Исаев, Улан Примов, Тазабек Икрамов, Алмамбет Шыкмаматов, Абдывахап Нурбаев жана башкалар болушкан.

Матраимовдордун таасири

Матраимовдордун үй-бүлөсү — Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирдүүлөрдүн бири болуп саналат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдордун бирөөсү азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп ишара кылган.

Депутат Искендер Матраимов — үй-бүлөнүн эң улуусу. Анын иниси Тилек Матраимов Кара-Суу районун жетектейт. Дагы бир иниси Ислам Матраимов финполицияда ички иликтөөлөр башкармалыгын башкарат.

Бирок бир тууган Матраимовдордун арасында Райым миллион атыккан Райымбек эң эле белгилүүсү болуп эсептелет. Ал «Ош» бажысынын жетекчиси, кийинчерээк Бажы кызматынын башчысынын орун басары болгон.

Мурдагы президенттин суранычы боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаков аны бул кызматтан алган. Матраимов сотто өкмөттүн чечимине даттанып, сот аны кызматына кайтаруу чечимин кабыл алган.

Каржы полициясы Райым Матраимовдун мүлкүн төрт айдан бери текшерип жатат. Декабрь айында журналисттер президент Сооронбай Жээнбековго өз иликтөөсүнүн жыйынтыктарын беришкен. Анда Матраимов жана анын үй-бүлөсү мамкызматта иштегендери менен кымбат үй, жерлерге ээ экени айтылган.

ТЕМА БОЮНЧА: