Патрулдук милиционер жолчырактын кызыл белгисине өтүп кеткендиги үчүн кызматынан алынды — видео

Ысык-Көл облусунда ЖККББнын инспектору патрулдук машина менен жолчырактын кызыл белгисине өтүп кеткендиги үчүн кызматтан бошотулду.

Бул окуя айдоочу инспекторду кууп жетип, ал эмне үчүн кызыл белгиге өтүп кеткендигин түшүндүрүүнү суранган видео социалдык тармактарда жана Youtubeда тарап кеткенден кийин орун алган. Инспектор өз күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураган.

Кийинчирээк ЖКККББ текшерүүдөн кийин милиция кызматкери жол кыймыл эрежелерин, тартип уставын жана кесиптик этиканы сактабагандыгы үчүн жумуштан алынды деп билдирген.

«ЖКККББ жол кыймыл эрежелерин сактоо — коопсуздуктун кепилдиги экенин эскертет!» — деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Кечирип коюңуз деп жалынды милиция

Кечирип коюңуз деп жалынды милиция

Posted by Бои компроматов on Wednesday, May 1, 2019