Жогорку сот Текебаевдин ишин кайра кароо өтүнүчүн четке какты

Жогорку соттун отуруму. Видео: «Азаттык»

Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары Жогорку соттон саясатчынын ишин кайра кароо үчүн Биринчи май сотуна жөнөтүүнү суранышты.

«Бул жомок кылмыш. Иште жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароого жана мурдагы айыптоочу өкүмдөрдү артка кайтарууга негиздер бар», — деди Текебаевдин адвокаты.

Прокурорлор Текебаевдин күнөөсү далилденди деп айтып, саясатчынын ишин кайра кароого жөнөтпөөнү суранды. Судьялар айыптоочу тарапты колдошуп, иштин кайра каралышын четке кагышты.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери жана Тебаевдин эң жакын үзөңгүлөшү Алмамбет Шыкмаматов соттун чечими — бул бир саясий топтун чечими экенин билдирип, бирок кайсыл топтуку экенин айткан жок.

«Сот мыйзам менен эмес, Конституция менен эмес, абийир менен эмес, сот саясий конъюктура менен чечим чыгарды. Сот бүгүн дагы бир жолу мыйзамдар иштебегендигин, мыйзамдар эске алынбагандыгын, адам укуктары сакталбаганын жана сот реформасы жүрбөгөндүгүн далилдеди. Текебаевдин, Чотоновдун жана Жапаровдун иштери — бул саясий иштер. Бүгүнкү күнү сот чөнтөк экенин, бүгүнкү күнү сот мыйзамга баш ийбей, мыйзамдардын негизинде эмес, жогору жактын буйругу, саясий конъюктуранын кызыкчылыгы менен чечим чыгарганын далилдеп турат», — деди Шыкмаматов журналисттерге.

Өмүрбек Текебаевге каршы кылмыш иши ал оппозициялык «Ата Мекен» парламенттик партиясынын лидери болуп турганда Атамбаев демилгелеген конституциялык реформага каршы чыккандыгы үчүн козголгон.

Саясатчы орусиялык ишкерден миллион доллар пара алуу жана коррупция боюнча айыпталган. Тергөөнүн версиясына ылайык, акчаны алган соң Текебаев Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга жол ачып бермекчи болмок. Бул иште саясатчы Дүйшөнкул Чотонов ыктымал ортомчу болгону айтылган.

Экөө тең күнөөлүү деп табылып 8 жылга соттолушкан, бирок мунапыс боюнча алардын абак мөөнөтү 4,5 жылга чейин кыскартылган. Ошондой эле саясатчылардын мүлктөрү конфискацияланган. Эки саясатчы тең күнөөлөрүн моюнга албай, ишти «саясий жүйөөлөнгөн» деп аташкан.

Авторлошу: Айсымбат Токоева