Бишкек мэриясы шаардык транспортко электрондук билеттөө киргизүү келишимине кол койду

Жаңы автобустагы транспорттук карталарды окуу үчүн жабдуу. Сүрөт: «АКИпресс» басылмасы

Калаа бийлиги Бишкектин автобустары менен троллейбустарына электрондук билеттөөнү киргизүү үчүн швейцариялык BPC AG компаниясы менен келишим түздү. Компания өз кызматын 24 млн сомго баалаган.

Келишимге ылайык, компания бардык керектүү жабдууларды 10 айдын ичинде орнотуп, пайдаланууга бериши керек. Ошондой эле жалданмачы жабдууларды 5 жыл ичинде тейлеп, оңдоп берип турат.

Бишкектин автотранспорт ишканасынын башчысы Нурлан Койчубаков учурда компания субжалданмачылар менен документтерге кол коюп жатканын, андан кийин жабдууларды автобустарга орнотуу жана электрондук карталарды басып чыгаруу иштери башталаарын кабарлады.

Азырынча коомдук транспортто жүрүү үчүн электрондук карталарды кайдан сатып алса болоору белгисиз.

Мурдаарак Койчубаков транспорттук картаны телефондун балансы аркылуу толтурууга болоорун айткан. Ошондой эле жол кире акысын алыстан туруп эле банк карталары же QR-код аркылуу төлөсө болот.

Келишимге ылайык, швейцариялык компания троллейбус же автобуста жүрүүдөгү ар бир жол акысынан 49 тыйындан алып турат. Компания менен келишимдин мөөнөтү аяктаган соң система шаар бийлигинин карамагына өтөт.