Бир кадр менен: Өзгөндө чайкананын имараты бала бакчага айланды

Дөң-Булак 2 айылындагы чайканадан бала бакчага айланган имарат. Сүрөт:  Дөң-Булак айыл өкмөтүнүкү

Өзгөн районунун Дөң-Булак 2 айылында чайкананын имараты бала бакча болуп оңдоп-түзөлдү. Оңдоо иштерин эл аралык уюм менен жергиликтүү бийлик каржылаган. Керектүү эмеректерди жашоочулар сатып беришкен.

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Султанов «Клоопко» билдиргендей, айылда бала бакча жок болгон. Жергиликтүүлөр балдарын Өзгөн шаары менен коңшу айылдардын бала бакчаларына алып барып турушкан.

«Союз убагында эл ашар жолу менен курган чайкана жеке менчикке өтүп кеткен болчу. Аны ээлеринен алып, бала бакчага айландырдык. Оңдоп-түзөө иштери бир жылга созулуп, 70 пайызын “Ага-Хан” фонду, калганын айыл өкмөт каржылады», — дейт айыл өкмөт башчысы.

Чайкананын имаратын 60 орунга ылайыкташкан бала бакчага келтирүүгө 1 миллион 200 миң сом каражат кеткен. Айыл өкмөттөн бала бакча жакынкы күндөрү пайдаланууга берилээрин айтышты.