Дүлөй балдардын тепкиге алынышы боюнча шектүү адам кармалды

Балдардын бири тепкиге алгандарга өзүнүн укпай тургандыгын түшүндүрүп жатат. Видеодон алынган скриншот

Ош облусттук милициясынын маалымат кызматы шектүү адамдын 7-майда кармалганын «Клоопко»  билдирди. Ал 48 саатка Алай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

«Азыр “Бейбаштык” боюнча бир [адам] кармалды. Кимиси кимди урганын жабырлануучулар менен беттештирип дагы тактайбыз. Анткени видеого түшпөй калган учурлар да бар. [Бала уурдоо боюнча] жалган маалымат тараткан адамдар да такталып жатат. Тергөө иштери уланууда», — деп билдирди облустук милициянын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Дүлөй балдардын сабалышы боюнча милиция Корул айылынын жалпы сегиз тургунун суракка алган.

28-апрелде Корул айылынын бир нече тургундары үч дүлөй жигитти бала уурдоого шектеп тепкиге алышкан. Алар агрессивдүү маанайда балдардан түшүндүрмө талап кылышкан. Бирок балдар аларга кол менен жаңсоо аркылуу өздөрүнүн укпай турганын түшүндүрүп бере алышкан эмес.

Окуядан соң жабыркаган балдар милицияга арыз жазышкан. Алар милицияда Корул айылына орозо айына карата жылсанак сатуу үчүн барышып, жолдо эшек минип бара жаткан жаш баланы көрүп, эшек менен сүрөткө түшүп алууну суранышканын түшүндүрүшкөн. Бирок жаш бала алардын кол жаңсоосун түшүнбөй, аны уурдоого аракет кылышты деп айылдагыларга ыйлап барган.

Жабыркагандардын жакындары менен достору 6-майда Оштун борбордук аянтына нааразычылык акциясына чогулушкан. Алар дүлөй жигиттерди тепкиге алгандар тиешелүү жаза алышын талап кылышкан.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы