Казакстанда бир катар ЖМКлар бөгөттөлдү

«Азаттык» радиосунун казак кызматы маалымдагандай, алардын сайты 9-май күнү эртең менен Казакстандын аймагында ачылбай калган. Ошондой эле бир катар башка ЖМКлар да бөгөттөлүп калышканын кабарлашкан.

Ресурстардын жеткиликтүүлүгүн текшерүүчү kazbt.com сайтынын маалыматына ылайык, «Азаттык», The-village, «Урал жумалыгы» жана «Эксклюзив» басылмаларынын сайттары жеткиликсиз болуп калган. Ошондой эле күндүн биринчи жарымында «Информбюро», «Время» гезитинин жана Адам укуктары боюнча казак бюросунун сайты бөгөттөлүп, бирок саат 12:30га карата бул ресурстардын жеткиликтүүлүгү калыбына келтирилген.

ЖМКлардын ыктымалдуу бөгөттөлүшүнө өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылынын бир нече шаарларда митингдерди өткөрүү пландары тууралуу билдирүүсү себеп болушу мүмкүн.

Казакстандын бийлиги 2018-жылы «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылын экстремисттик уюм деп тааныган. Кыймылдын лидери жана оппозиционер Мухтар Аблязов чет өлкөдө жашайт. Казакстанда аны өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.

Маалыматтык сайттарды бөгөттөө Казакстандын бир нече чоң шаарларында 1-майда болуп өткөн митингдерден жана активисттердин кармалышынан кийин болууда.

Митингчилер Казакстанда 9-июнда өтө турчу президенттик шайлоону бойкоттоону сунушташкан. Митингдин катышуучулары шайлоо учурунда алардын добуштары эсепке алынбай калышы мүмкүн деп айтышкан.