Жалал-Абад шаарындагы мунай базада чыккан өрттөн эки адам жабыркады

Жалал-Абаддагы өрттөнүп жаткан мунай база. Сүрөт: ӨКМдин маалымат кызматы

Маалымат саат 12:10до жаңыртылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Жалал-Абад шаарынын Шерматов көчөсүндө жайгашкан мунай базасындагы тилсиз жоо саат 17:25те чектөөгө алынып, саат 00:17де толугу менен өчүрүлгөн.

Өрт тууралуу маалымат ӨКМге 10-майда саат 10:05те түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн министрликтин 12 бөлүмү тартылып, жалпы 5300 литр көбүк сарпталган.

Маалыматка ылайык, өрттүн кесепетинен эки миң тонналык мунай сакталган цилиндр жана бир бензобак күйүп кеткен.

Министрликтен кырсыктан 24 жаштагы жигит жабыркап шаардык ооруканага жеткирилгенин маалымдашты. Анын денесинин 50 пайызы күйгөн. Мындан тышкары, өрт өчүрүү бөлүмүн кызматкери жабыркаган.

Мунай базага жакын жашаган 2 миңге чукул тургун коопсуз аймакка эвакуациялып, өрт өчүрүлгөндөн кийин үйлөрүнө кайтышкан.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» маалымдагандай, укук коргоо органдарына жергиликтүүлөр саат 09:00 чамасында өрт тууралуу кабар беришкен.

«Милиционерлер элди өрт кырсыгынан алыстатуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт “Томас” май куюучу бекетинин мунай базасында чыккан. Азырынча өрттөн жабыркагандар туурасында маалымат жок», — деди Жээнтаев.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, «Томас» ЖЧКсынын түзүүчүсү Казыбек Ташиев. Казыбек Ташиев Жогорку Кеңештин экс-депутаты Камчыбек Ташиевдин иниси. Stanradar.com басылмасы жазгандай, «Томастын» 12 май куюучу бекети бар.