![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2019/05/pozhar-na-neftebaze.jpg)
11-май күнү эртең менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Жалал-Абадда мунай базасында чыккан өрт өчүрүлгөндүгү тууралуу маалымдады. Бул чынында олуттуу окуя болгон — мунай базадагы өрт 10-май күнү саат 9га чукул чыккан, базага турак үйлөр менен башка мунай сактагычтар жакын жайгашкандыктан өрт аларга өтүп кетмек.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2019/05/pozhar-na-neftebaze-2.jpg)
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2019/05/pozhar-na-neftebaze-6.jpg)
Базада чыккан өрттөн улам 2000 миң адам өз үйлөрүнөн эвакуацияланган. Өрт өчүрүүчү бөлүмдөрдүн саны 12ге чейин жетип, тилсиз жоо 10-май күнү саат 17ге жакын толугу менен өчүрүлгөн.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2019/05/pozhar-na-neftebaze-3.jpg)
Мунай базанын күзөтчүсү өрттөн катуу жабыркаган — 1995-жылы туулган баланын денеси 50% күйүп кеткен. Буга чейин жабыр тарткан өрт өчүрүүчү тууралуу да маалымдалган — ӨКМдин маалыматы боюнча, анын денесинин 3% күйгөн жана ал ооруканага жатуудан баш тарткан.
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2019/05/pozhar-na-neftebaze-7.jpg)
![](https://ky.kloop.asia/wp-content/uploads/sites/6/2019/05/pozhar-na-neftebaze-5.jpg)
Мунай базада чыккан өрт Жалал-Абаддагы айлана-чөйрөнүн абалына кандай таасир эткени азырынча белгисиз.