ӨКМ Жалал-Абаддагы мунай базада чыккан өрттү өчүргөн куткаруучуларды сыйлайт

Сүрөт: ӨКМдин басма сөз кызматы

Өзгөчө кырдаалдар министри (ӨКМ) Нурболот Мирзахметов 10-майда Жалал-Абаддагы мунай базасындагы чыккан өрттү өчүрүүгө катышкан кызматкерлерге сыйлык берүүнү тапшырды.

«Жалал-Абад шаарындагы нефтебазадан чыккан өрттү өчүрүүдө өрт өчүрүүчүлөр чыныгы эрдик көрсөтүштү. ӨКМдин кызматкерлеринин тайманбастыгы жана кесипкөйлүгү объекттер менен 2000ге жакын жергиликтүү тургундардын өмүрүн сактап калды», — деп маалымдады ӨКМдин басма сөз кызматы.

Ведомствонун басма сөз катчысы Элмира Шерипова «Клоопко» айтып бергендей, сыйбарак, төш белги жана медалдарды ала турчу кызматкерлердин тизмеси түзүлүүдө. Анын айтымында, тизмеде 100дөн ашык адам болот.

Жалал-Абаддагы мунай базада өрт 10-майда чыгып, аны өчүрүүгө 10 сааттан ашык убакыт кеткен. Тилсиз жоону өчүрүүгө 182 өрт өчүргүч кызматкери тартылган. Тилсиз жоодон улам мазуту жана соляркасы бар эки цистерна өрттөнүп кеткен. Цистернанын ар биринин көлөмү 1000 тонна.

Posted by Азамат Жээнбеков on Friday, May 10, 2019

Эки адам жабыркаганы белгилүү — мунай базасынын күзөтчүсү жана денесинен күйүктөрдү алган өрт өчүргүч кызматкерлердин бири.

Өрттүн чыгуу себептери азырынча белгисиз, ал эми материалдык залалды атайын комиссия аныктайт.

Экс-депутат Камчыбек Ташиев да өрт өчүргүчтөргө ыраазычылык билдирген — мунай базасынын негиздөөчүлөрүнүн бири саясатчынын бир тууганы Казыбек Ташиев болуп саналат.