Жалал-Абад: Ооруканага түшкөн эки жашар наристенин абалы оор бойдон калууда

Жалал-Абад облустук ооруканасына 7-майда жеткирилген эки жашар кыздын абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу «Клоопко» дарыгерлер билдиришти. Наристе жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылып оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери Камил Гаибаев наристенин абалы күндөн күнгө начарлап жатканын «Клоопко» маалымдады.

«Келгенде эле абалы оор болчу. Эч өзгөрүү жок. Эч нерсени сезбей комада жатат. Жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган», — деп түшүндүрдү Гаибаев.

Дарыгер кыздын баш сөөгүнүн мээси жабыркап, анын башында кан шишиги бар болгонун айтты.

7-май күнү эки жашар кыз эс-учун жоготкон Жалал-Абад облустук ооруканага жеткирилген. Наристени кароого алган дарыгерлер анын денесинде көк тактар болгонун байкашкан. Баланы коштоп келген таенесинен эмне болгонун сурашканда, небереси тепкичтен жыгылып кеткенин айткан.

Таенесинин жообуна канааттанбаган дарыгерлер чынын айтууну суранышкан. Ошондо ал бир-эки жолу урганын мойнуна алган. Бул диалог тасмага тартылып калган.

«Шымына заара кылбасын деп буттарынан чымчылап эле койгонум болбосо, ага кол көтөрмөк турсун катуу сүйлөбөйм. Ал неберем туулганда эле оорукчан болуп төрөлүп, каны да аз. Бир жума мурда ойноп жүрүп башы менен жыгылып түшкөн экен. Ошондон улам ооруп калды окшойт», — деп наристенин таенеси «Азаттыкка» маек курган.

Эки жашар кыздын апасы күйөөсү менен ажырашкандан кийин Орусияга иштегени кеткен экен.

Жалал-Абад облустук милициясы аталган фактты «Ден соолукка оор эмес залал келтирүү» беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган.