МККнын экс-башчысы менен УКМК төрагасы айтышып жатышат. Бардыгы чет мамлекеттик тендер боюнча бейрасмий жолугушуунун айынан болууда

Материалдын редактору Анна Капушенко бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул материалдын мазмунуна таасир эткен жок.

Эмне болду?

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) экс-башчысы Алина Шаикова УКМКнын башчысы Идрис Кадыркулов аны 2018-жылдын аягында биометрикалык чет мамлекеттик паспортторду сатып алууга жарыяланган тендерди талкуулоо үчүн «Фрунзе» ресторанына бейрасмий жолугушууга чакырганын Kaktus.Media басылмасына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, жолугушууда президенттин санариптештирүү боюнча кеңешчиси Дастан Догоев да болгон.

«[Кадыркулов] бизди документтердин бланктарын жасоо боюнча европалык компаниясын көрсөткөн эки бизнесмен менен тааныштырган», — деди ал.

Ал Кадыркуловго дароо эле тендерге старт берилгенин, ал эми кандайдыр бир бланктарды басып чыгаруу үчүн жабдыктарга МККда муктаждык жок экенин түшүндүргөнүн айтууда.

«Биз бул компания менен кызматташуу үчүн эч кандай варианттарды көрбөй жатканыбызды дароо эле ачык айтып түшүндүргөнбүз», — деди мурдагы аткаминер.

Буга УКМК эмне деп жооп берген?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мындай жолугушуу чындыгында эле болгонун четке каккан жок, бирок атайын кызматтын башчысы жеке максаттарды көздөбөгөнүн түшүндүрдү.

«Шаикованын Кадыркулов тарабынан куугунтукталып жатканы тууралуу айткандары кандайдыр бир жеке максаттарды көздөбөйт жана чындыкка коошпойт, ал коомчулуктун көзүнчө кезектеги жолу УКМКнын аброюн кетирүү жана жоопкерчиликтен кутулуп кетүү аракети болуп эсептелет», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2013-жылы УКМК өкмөткө документтердин бардыгына бланк жасоо үчүн «Учкун» мекемесинин негизинде мамлекеттик басмакана түзүүнү сунуштаган.

Ошол кезде Кадыркулов мүчө болгон мамлекеттик ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. 2014-жылы швейцариялык «КБА НотаСис С.А.» компаниясы мамлекеттик басмакана түзүүгө жардам берүүгө даярдыгын билдирген.

Бирок УКМКнын маалыматы боюнча, Кыргызстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр натыйжага берген эмес.

«2018-жылдын 6-декабрында, жумушчу топтун мурдагы мүчөсүнө катары Кадыркуловго Кыргызстанга келген «КБА НотаСис С.А.» компаниясынын аймактык директору Полуянов М. мекеменин өзүнүн ММДсынын өндүрүшүн уюштуруу келечектери тууралуу суроолорду талкулоо максатында КР МККнын жетекчилиги менен жолугушуу уюштуруу өтүнүчү менен кайрылган», — деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

УКМКдан Шаикова менен Догоев бланктарды өндүрүү боюнча мамишкана уюштуруудан баш тартышканын тастыкташты — алар «муну пайдасыз өндүрүш катары негиздешкен».

Бул эмне үчүн маанилүү?

УКМК 2019-жылдын апрель айынан тарта чет мамлекеттик паспорттор үчүн бланктарды сатып алуу боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы өткөргөн тендерди иликтеп жатат.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, МККнын кызматкерлери тендерди утуп алган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы менен кылмыштуу сүйлөшүүлөргө барышкан. УКМК зыяндын өлчөмүн 253 млн сомго баалаган.

Бул иш боюнча МККнын үч аткаминери Garsu Pasaulis менен «аффилирленген» деген айыптоолор боюнча камакка алынган. Кичинчерээк эки аткаминер үй камагына коё берилген.

Алина Шаикова менен Дастан Догоев бул иш боюнча бир нече жолу суракка чакырылышкан. Шаикова бул чырдын шартында МККнын башчылык кызматынан кеткен.

МКК ведомствонун кызматкерлери «мыйзамга ылайык аракеттенишкен» деп билдирген. Ошондой эле МКК Garsu Pasaulis менен келишим түзүлбөгөндүктөн, мамлекетке экономикалык залал келтирилген эмес деп эсептейт.