Концерттерге тыюу салуу жана партиялар үчүн квота. Депутат Төрөбаев шайлоо жөнүндө мыйзамды кандай кылып өзгөртүүнү сунуштап жатат?

2017-жылдагы парламенттик шайлоо. Сүрөт: Даниль Усманов / Kloop.kg

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаев шайлоо мыйзамындагы өзгөртүүлөр тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Төрөбаев жаңы партияларга парламенттик шайлоого катышууга тыюу салгысы келет. Анын ою боюнча, шайлоолорго добуш берүү күнүнө чейин бир жыл мурда катталган партиялар гана катышышы керек.

Ошондой эле Төрөбаев партияларга саясий биримдиктин курамына кирбеген талапкерлердин президенттик же депутаттык кызматка көрсөтүлүшүнө уруксат берүүнү сунуштоодо.

«Адамда тандоо укугун калтырып жатабыз. Партиянын мүчөсү болууга мажбурлагыбыз келбейт», — деди депутат «Клоопко».

Ал бул ченемден партиянын мүчөсү болбогон бай адамдар алар аркылуу парламентке өтүп кете алышы мүмкүн деген коркунучту көрбөгөнүн кошумчалады.

«Ошол эле олигарх партияга кирип, мүчөлүк билет ала алат. [...] Партиянын идеяларын колдогондор бар, бирок алар “келгиле биз кирбейбиз, бирок сиз менен болобуз” деп айтышат», — деп түшүндүрдү депутат.

Бирок Төрөбаевдин идеясы боюнча, бир партиянын мүчөсү башка партиянын тизмеси менен парламентке талапкер боло албайт.

Өтпөй калган партиялар үчүн квота берүү

Төрөбаев парламенттик шайлоо учурунда өлкө боюнча шайлоочулардын 3 пайыздан 5 пайызга чейин жана ар бир аймакта 0,7 пайыз добушун алышкан партиялар үчүн беш депутаттык мандат бөлүп берүүнү сунуштап жатат.

2017-жылы болуп өткөн президенттик шайлоодогу добуштарды эсептөө. Сүрөт: Даниль Усманов / Kloop.kg

«Эсептеп чыктык, мындай партиялар 60 миңден 100 миңге чейин добуш алышат экен. Чындыгында эгер шайлоочулардын 60-100 миң добушун алган саясий партиялар парламентке кирбей калса адилетсиз болуп калат», — деп эсептейт депутат.

Концерттерге тыюу салуу

Депутат шайлоо алдындагы кампанияларда айрым иш-чараларга тыюу салууну сунуштап жатат. Мисалы, спорттук турнирлерге жана театралдашкан көрсөтүүлөргө. Алардын ордуна чогулуштарды, теледебаттарды жана митингдерди өткөрүү сунушталууда.

Андан тышкары, Төрөбаев депутаттыкка же президенттикке талапкерлерге башка кыргыз же чет элдик аткаминерлер жана саясатчылар менен бирге түшүшкөн сүрөттөрүн колдонууга тыюу салгысы келет.

Шайлоочулардын тизмеси

Төрөбаев кыргызстандыктарга добуш бере ала турган шайлоо тилкелерин алмаштырууга мүмкүндүк берген ченемди алууну сунуштап жатат.

«[Бул ченем] бийликчил партиялар үчүн жардам болуп калды. Мисалы, оорукананын башчысы [кол алдында иштегендерге] арыз жазып, Токмоктогу участоктон добуш бергиле деп айта алат. Келбей койгондорду жумуштан бошотуп салуулары мүмкүн», — деп эсептейт депутат.

Ошондой эле парламентарий бир участокто добуш берүүчү жарандардын санын 2500ден 1500ге чейин азайтууну сунуштоодо.

«Бул шайлоо участокторунун жумуштарын жеңилдетип, алардын натыйжалуулугун жогорулатат, добуш берүү учурундагы жана шайлоо бюллетендерин эсептөөдө ыктымал бузуулардын санын азайтат», — деп түшүндүрдү депутат.

Партияларга шайлоо күрөөсүн кайтарып бербөө

Азыркы мыйзам боюнча, талапкерлер Борбордук шайлоо кимиссиясына шайлоо күрөөсү катары 5 млн сом төгүшү керек — акчалар шайлоодон жеңип чыккандарга кайтарылат.

Төрөбаев болсо шайлоо күрөөсүн таптакыр эле кайтарып бербөөнү сунуштоодо. Анын пикиринде, талапкерлердин каражаттарын БШК жеке ЖМКлардагы үгүттөө иштерин төлөөгө сарпташы керек.