Премьер-министрдин басма сөз катчысы Абылгазиев туугандарын жумушка орноштурган деген айыптоолорду «куру сөз» деп атады

Мухаммедкалый Абылгазиев. Сүрөт: өкмөттүн басма сөз кызматы

Өкмөт башчысынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин дарегине туугандарын жумушка орноштурууга жардам берет деп айтылган айыптоолорду негизсиз деп атады.

Жаңжал мамлекеттик «КТ Мобайл» компаниясында премьер-министрдин тууганы иштегени жана ал 300 миң сомдук маяна алат делип айтылган маалымат тарап кеткенден чыккан.

«Өлкө үчүн оңой эмес болуп, өкмөттүн алдында маанилүү максаттар турганда өкмөт башчысы жакындарын жумушка орноштуруу менен алек болгонун элестетүү кыйын. Бул куру сөз», — деп билдирди Султаналиев.

Ал Абылгазиевдин өкмөтүнө даректелген сын-пикирлер менен айыптоолорду «примитивдүү жаман көрсөтүү» деп атады.

«Өкмөттүн ишмердиги дайыма ар кандай деңгээлде сынга жана айыптоого кабылат. [...] бул фейктер аркылуу примитивдүү жаман көрсөтүү. [Каршылаштардын] аракеттери перманенттүү мүнөзгө ээ жана алардын өкмөт жөндөмсүз деп келтирип аткан фактылары дайыма бурмаланган же ашкереленген болот», — деп билдирди Султаналиев.

Май айынын ортосунда коомдук тармактарда компаниянын жетекчилиги алышы мүмкүн делген айлык жөнүндө маалымат пайда болгон. Ага ылайык, менежерлер болжол менен айына 300 миң сомдон 350 миң сомго чейин маяна алып турушкан. Кийинчерээк «КТ Мобайлдын» башчысынын орун басары Эрназар Иманкадыр уулу Абылгазиевдин кайын иниси экени белгилүү болгон.

Мындан кийин кээ бир саясатчылар менен жарандык активисттер Абылгазиевди өз эрки менен отставкага кетүүгө чакырышкан. Парламенттеги «Ата Мекен» оппозициялык фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, «КТ Мобайлдын» айланасындагы кырдаал элдин бийликке болгон ишенимин төмөндөтүп койгон.

«“Үй-бүлөлүк, кландык башкаруу болбойт” деп президент баш болуп, премьер-министр төш болуп айтып жатканда мындай көрүнүштөрдүн ачыкка чыгып жатканы туура эмес. Премьер-министр өз ыктыяры менен кызматтан кетип, элден кечирим сурап койсо туура болмок», — деп билдирди Шыкмаматов.