Украина: Зеленский президенттик кызматка киришээри менен парламентти таркатты

Владимир Зеленский 20-майдагы инаугурация учурунда. Сүрөт: Украинанын президентинин басма сөз кызматы 

Владимир Зеленскийдин инаугурация аземи 20-май күнү Киевде болуп өттү. Украинанын президенти чогулгандарга кайрылып, өлкөнүн парламентин — Жогорку Раданы таркатып жатканын билдирди. Ошондой эле ал «келечек муундарга орун бошотуу» үчүн Украинанын өкмөтүн отставкага кетүүгө чакырды.

«Иш бөлмөңөрдө менин портреттерим болбошун каалайм. Президент — икона эмес. Ал жакка балдарыңардын сүрөттөрүн илип алып, чечим чыгарган сайын алардын көздөрүн карап тургула», — деп билдирди Зеленский.

Ошондой эле ал депутаттык кол тийбестикти алуу жана мыйзамсыз баюу үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жөнүндө мыйзамдарды кабыл алууну сунуштады. Зеленский депутаттарга Украинанын Коопсуздук кызматынын (УКК) башчысы, башкы прокурорду жана өлкөнүн коргоо министрин ээлеген кызматтарынан бошотууну кеңеш кылды.

УККнын башчысы Василий Грицак менен коргоо министри Степан Полторак отставкага кетишти, бирок өлкөнүн башкы прокурору Юрий Луценко азырынча өзүнүн отставкасы тууралуу билдирүү жасай элек.

«Кымбаттуу элим! Мурда мен украиналыктар күлүп турушу үчүн бардыгын жасоого аракет кылчумун. Жүрөгүм менен сезгем. Кийинки беш жылда мен сиздер ыйлабай калышыңар үчүн бардыгын кылам», — деди Украинанын президенти.

Владимир Зеленский — эсеп боюнча Украинанын алтынчы президенти. 21-апрелде ал президенттик шайлоонун экинчи турунда добуштардын 73 пайызына ээ болуп жеңишке жеткен. Ал өлкөнү акыркы беш жыл бою башкарган атаандашы — Пётр Порошенкодон озуп өткөн.