Экс-вице-премьер Атаханов Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча кармалды

Материал 21:02де жаңыртылды.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун кармалышы тууралуу 21-май күнү кечинде билдирди.

«Шамил Атаханов кармалып, Бишкек ШИИББдин Убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат», — деп айтылат ИИМдин пресс релизинде.

Атаханов 14-майда кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу аракеттери ал өлкөнүн вице-премьер-министри болуп дайындалганча чейин эле 10 жыл мурда көрүлгөнүн билдирген. Атаханов бул кызмат ордунан 2013-жылы Батукаевдин колониядан бошотулушуна байланыштуу чыр-чатактын шартында кеткен жана андан кийин Батукаев Кыргызстандан чыгып кеткен.

Батукаевдин бошотулушуна ага дарыгерлердин лейкоз диагнозун койгондору себеп болгон. Мындан кийин медициналык корутунду жасалма экендиги белгилүү болгон. 2019-жылдын май айында Кыргызстандын бийлиги Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча тергөөнү жандандырган жана бул иш боюнча бир нече дарыгерлер кармалган.